Жанылыктар

Мамлекеттик тил кафедрасы

2-март күнү кафедранын окутуучулары М. Нурмаматова, Г. Толубаева, З.Абдышова жана Б.Калдыбаевалардын уюштуруусунда ОшМУнун медицина факультетинде Ыйман, адеп жана маданият жылына карата чоң программадагы иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын башталышында медицина багыты боюнча кыргыз тилинде жарык көргөн илимий эмгектердин көргөзмөсү уюштурулуп, бет ачар аземи болду. Анда м.и.д, профессор И.Тайчиевдин, м.и.д., профессор С.Шатмановдун жана б.и.к. Г.Касиеванын эмгектери жөнүндө сөз болду. Имамназар Тайчиевич кыргыз тилиндеги эмгекти жаратуу негизги максаттарынын бири болгондугу жана иштеп чыгуудагы кайрылган негизги адабияттар, сөздүктөр тууралуу баяндады. Ошондой эле жамаат менен дагы бир топ эмгектерди басып чыгарууга даяр экендигине токтолду. Факультеттин деканы Алымбек Адылбекович авторлорго илимдин изги жолунда ийгиликтерди каалап, ыраазычылык билдирди. Студенттер китептердин авторлоруна ыраазычылык иретинде кызуу кол чаап коштоп турушту. Таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
2362 08:50 04-03-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|