Жанылыктар

Илим күнү

ТТГФда өтүп жаткан «Илим жумалыгынын» алкагында 2018-жылдын 15-майында факультеттин чоң актылык залында ОшМУнун зоология жана экология кафедрасынын салтка айланган «Илим күнү» өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө кафедранын илимий жетишкендиктери, илимий экспедициялар жана анын жыйынтыктарынын илимий конференцияларда чагылдырылышы тууралуу, ошондой эле, студенттердин, магистранттардын илим-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар берилди. Кече кызыктуу акыл-таймаш оюндары, музыкалык тыныгуулар жана викториналар менен коштолуп, активдүү катышкан студенттерге атайын кызыктыруучу белектер жана факультеттин ардак грамоталары тапшырылды. Мындан сырткары «Эң мыкты колдо жасалган чыйырчыктын уясы» конкурсу жыйынтыкталып, жеңүүчү тайпалар дипломдор менен сыйланышты.
1408 11:04 16-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|