Жанылыктар

2017-жылдын 15-май күнү искусство факультетинин концерттик залында " Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алибаевдин 70 жылдык мааракесинин" урматына Жолболду Алибаевдин өмүрлүк жары, ОшМУнун илимий китепканасынын улук китепканачысы Абдыкаарова Бүсайра Кочкоровнанын "АШЫК КЫЛГАН АДАМ ЖӨНҮНДӨ БАЯН" аттуу китебинин бет ачарына арналган адабий - музыкалык кече болуп өттү. Кечени ОшМунун мамлекттик тил боюнча проректору, доцент О.А. Шаимкулов ачып, Абдыкаарова Бүсайра Кочкоровна нын эскерма-баян китебинин жазылышына, мазмунуна жана андагы автор өзү күбө болгон окуяларгы кыскача токтолуп, каалоо - тилектерин айтты. Андан кийин Жолболду Алибаевдин шакирттери, достору, кесиптештери китеп жөнүндө өз ойлорун айтышты. Автор эмгектенген илимий китепкананын директору С.С. Мамбетова каалоо-тилектерин билдирди. Илимий китепкананын фондуна автор тарабынан он даана китеп белекке берилди.
2612 15:41 15-05-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|