Фотогалерея

“23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук” күнү белгиленди

2017-жылдын 19- апрелинде бизнес жана менеджмент факультетинин чоң актылык залында “23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук” күнүнө карата “ Адамзаттын жан азыгы-китеп” аттуу иш чара тарых жана юридика факультетинин китепканачыларынын жетекчилиги менен студенттердин катышуусунда өткөрүлдү. Иш чараны тарых факультетинин деканы, т.и.к., проф. С.Смадияров ачып, студенттерди китепкана менен болгон байланышты бекемдеп, китеп окууга үндөдү. Тарых жана юридика факультетинин деканы, мугалимдери китепканага китептерди белекке беришти. Ошондой эле жалпы тарых жана юридика факультетеринин студентер арасында анкета толтурулуп, “Мыкты автор” жана “Мыкты окурман” аныкталды. “Мыкты автор” аталмасындагы диплом менен төмөндөгү мугалимдер сыйланышты. 1. Адилбаев Жумадил 2. Усманов Табакал 3. Дыйканова Шакар Китепкана жана окуу зал менен тыгыз байланышып, өз билимин өркүндөткөн, коомдук иштерге активдүү катышкан төмөнкү студенттер “Мыкты окурман” аталмасындагы дипломдор менен сыйланышты. 1. Асанов Урматбек Өмүрзакович БиМ ГМУ-1-13 2.Досназаров Акжал Абсаттарович Т-Ю И(б)-15 3.Абдиназаров Уланбек Абдыкадырович ЮР(б)-1-13

1841 15:04 26-04-2017

                 

Фотогалерея

|< 1 >|