Объявления

Сасык тумоодон сактангыла

САСЫК ТУМООДОН САКТАНГЫЛА!

Адамдын грипп же сасык тумоого окшогон оорусу жонундо билдирууну биздин эрага чейин эле Гипократ жасаган.Орто кылымдарда да сасык тумоо эпидемиясы жонундо бизге жеткен бир нече фактылар катталган.

Грипп же сасык тумоо кучтуу респиратордук вирустук инфекциялар тобуна кирет. Бул топтогу оорулар окшош белгилерге жана аны дарылоонун окшош ыкмаларына ээ болгондугуна карабай , алар ар кандай вирустар аркылуу тарайт. Грипп кичинекей балдар,онокот оорулуу адамдар жана кош бойлуу аялдар учун озгочо коркунучтуу.

САСЫК ТУМОО УЧ ТУРГО БОЛУНОТ

Женил туру - температура нормалдуу болот же 38 градус С которулот.

Орточо -38,5-39,5 градус С температура менен бирге шалдыроо , муун-булчун, баш оорулары, тамак оору, жотол: Абдоминалдык синдром (ич оору,диарея) коштолуп журот.

Оор -температура 40-40,5 градус С которулуп, чыйрыгуу галлюцинация, мурун канап кусат.

САСЫК ТУМООНУ АЛДЫН АЛУУ

Бир чыны сууга бир кашык тузду салыныз,анан туздуу сууну жакшылап аралаштырып, мурдунузга илеп тартып чимкиресиз. Бул ыкманы туздуу суу буткончо колдонгонунуз дурус. Бир аздан кийин мурдунуздан суу ага баштайт. Ошентип сасык тумоону алдын алууга болот. Бир турупту аарчып, жалпак туурап, орточо чыны (300) гр олчомундо сууга, суунун учтон эки болугу калгычакты кайнатасыз. Андан сон 15 гр имбир жана бир баш пиязды майда туурап,дагы суунун тени калганча кайнатып, суусун ичип, турупту жеп, ысык оронуп жатыш керек. Бул ыкма опкону жумшартып, сасык тумоону токтотууга жардам берет.

Бир тиш сарымсакты жанчып суусун чыгарып, 10 эсе кайнак суу кошуп, кунуго уч-торт жолу мурунга тамызуу керек. Бул кызытманы басандатып, какырыкты жумшартуу кызматын отойт. 35 гр пияз 20 гр имбирди жана эки чай кашык туз кошуп булардын бардыгын жанчып, оорулуу кишинин тош жагына, эки далынын ортосуна, алаканына, таманына токтотпостон жарым саатка дейре суйкоп,андан сон жылуу оронуп жатып алса, копко созулган сасык тумоо учун жакшы натыйжасын берет. Сарымсакты сасык тумоо тараганда чийки бойдон нанга же тамакка кошуп жеш керек. Бул сасык тумоону алдын алуу жана болтурбоо учун чон оболго тузот.

5120 14:01 21-11-2017

                 

Объявления

|< 1 2 >|