Жанылыктар

АГИнин директору доц. Т.А. Жоробеков Оксфорд университетинде иш сапарында болуп келди

Ош мамлекеттик университетинин ректору профессор К.А. Исаковдун демилгеси менен европалык университеттер менен байланыш түзүү жана окутуучулар менен студенттердин тажрыйба алмашуусун ишке ашыруу максатында үстүбүздөгү жылдын 1-10-май күндөрү Арашан гуманитардык институтунун директору, доцент Т. Жоробеков Британиянын Оксфорд университинде болуп, колледждинин жетечиси, проф. Рожер Эйнсворт, Мамлекеттик башкаруу мектебинин башкы администратору, декандын жардамчысы Калум Миллер жана илимий лабораториясынын башчысы проф. Чарлз Спенс менен жолугушуп, эки университет арасында кызматташуу, тажрыйба алмашуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Ошону менен бирге Оксфорд университетинин Өкмөттүк башкаруу мектебинин эл аралык байланыштар факультетинин магистранттары үчүн Кыргызстанды таанытуу кечесине да катышты. Кечеде дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн келген магистранттар кыргыздын каада-салттары менен таанышып, элдик ыр-күүлөрүн угушту жана улуттук тамак-аштары менен да таанышты. Кече мамлекеттик саясат боюнча магистратурада окуп жаткан Чынара Темированын Кыргызстан жөнүндө географиялык викторинасы менен жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө кыргыз кол өнөрчүлөрү жасаган буюмдар менен сыйланышты.
3119 16:15 14-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|