Жанылыктар

АГИде Теология жана дин таануу факультетинин декандарынын Кеңешмеси болду

Үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде Кыргыз Республикасындагы Теология жана дин таануу факультетинин декандарынын кезектеги Кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге ОшМУнун теология факультетинин деканы, саясий и.к., доцент С.А. Мырзаибраимов, КТМУ теология факультетинин деканы, профессор Мустафа Көйлү, И.Арабаев атын. КМУнин теология кафедрасынын башчысы, соц.и.к., доцент К.С. Көкөмбаев жана И.Арабаев атын. КМУнун теология колледжинин директору доцент Э. Бектуров, АГИ Дин таануу факультетинин декандын орун басары, доцент А. Эрматов жана ОшМУнун теология факультетинин декандын орун басары доцент д-р., Ферхат Хөкче катышты. Кеңешмени АГИнин дин таануу факультетинин деканы С.Базаркулов ачып, күн тартибинде Кыргызстандагы дин таануу жана теологиялык билим берүүдөгү жагдайлар жана мектептердеги дин сабагын окутуу маселеси каралып, кабыл алынган бирдиктүү сунуштарды тиешелүү мекемелерге жеткирүү жыйынтыгына келишилди. Дүйнөдө жана өлкөбүздө динге байланыштуу маселелердин актуалдуугу артып жаткан мезгилде мындай тажрыйба алмашуу жана биргелешип иш алып баруу өлкөбүз үчүн, коомубуз үчүн жана эң негизгиси адистерди даярдаган билим берүүчү мекемелердин теориялык билим менен практикалык айкалышууну бекемдери бышык. Декандардын Кеңешмеси салттуу түрдө кезеги менен өткөрүлүп, актуалдуу маселелер талкууланып турат.
6294 11:39 26-12-2016

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|