Жанылыктар

АГИнин студенттери илимий – практикалык конференцияга катышты

2016-жылдын 3-декабрда Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын Эл аралык укук факультетинин демилгеси менен «Диний радикализм, экстремизмге каршы турууда жарандуулукту өнүктүрүү» аттуу илимий – практикалык конференцияга АГИнин студенттери Абдылдаев Кубатбек, Кылычбек уулу Исламбек, Жетимишов Назарбек катышып, маңыздуу баяндамалары менен угуучулардын алкышына ээ болуп кайтышты. Практиканын соңунда уюштуруучулар тарабынан Кылычбек уулу Исламбек I даражадагы диплом жана «Раритет» китеп дүкөнүнө сертификат тапшырылса, калган эки студентибизге алкыш айтылды. Студенттерибиздин окууларына ийгилик каалайп, жашоодо да чоң жетишкендиктерге жетүүсүнө тилектешпиз.
7099 14:16 13-12-2016

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|