Жанылыктар

ККФНЫН СТУДЕНТТЕРИ КЫТАЙГА ГРАНТТЫК НЕГИЗДЕ ОКУУГА ЖӨНӨШТҮ

30 - июль 2018 ж. ОшМУнун ректору К.А. Исаков  Кыргыз-Кытай факультетинин 2018-2019 окуу жылына КЭРдин ЖОЖдоруна жарым жылдык, бир жылдык, магистратура жана (PhD) докторантурага окууга өткөн студенттер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда  ОшМУнун ректору К.А. Исаков жаштар өлкөбүздүн келечеги экенин баса белгилеп,  студенттерге чет жерде окууларына ийгилик каалап, жакшы ниет, изги-тилектерин айтып, мекенибиз  Кыргызстанды,  жана билим уясы болгон ОшМУну чет элде таанытууга өз салымдарын кошууга студенттерди чакырды.  Ал эми ККФнын деканы Т. Айтикеев студенттреге   кытай жөнүндө кыскача маалымат берип, эки элдин маданиятындагы айыпмачылытар тууралуу кеп кылып,  жана кытайга кандай жолдор менен барып, кандай шарттарда  окуу керектигин, КЭРде өзун-өзү алып жүрүү эрежелерин, шарттарын,  виза алуунун жол-жоболорун кэңири түшүндүрүп берди. 2018-2019 окуу жылында Кыргыз-Кытай факультетинен жалпысынан 70ден ашык студент гранттык негизде КЭРдин ЖОЖ доруна өткөн, гранттык негизде барган студенттер айына 2000, 3000 юандан (20-30 миң сомдон) стипендия алып окуйт.
2909 18:03 31-07-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|