Жанылыктар

ОшМУнун Кыргыз-кытай факультети абитуриенттерди кабыл алууну баштады

Бүгүн, 9-июль күнү саат 8-30да абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталып, “Кытай таануу” жанан “Лингвистика” багыттары боюнча айрылма таландорду таштоо процесси жүрүүдө.

“ОшМУда кабыл алуунун ачык-айкын уюштуруу багытында жүргүзүп жаткан иштери быйылкы кабыл алууда да ишке ашууда. Айта кетсек абитуриент тарабынан ташталуучу айрылма талондор атайын сканер аркылуу компьютерге киргизилип, ал дароо сыртка коюлган экрандарда жана интернеттеги университеттин //www.oshsu.kg сайтындагы конкурстук абал деген бөлүгүндө онлайн-режиминде чагылдырылууда. Абитуриенттер өз позияциясын каалаган жерде интернет аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ”, -деди ОшМУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Таабалды Мамытов.

Абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Билим берүү министрлиги бекиткен босого балл боюнча бюджеттик жана келишимдик негизде билим алуу үчүн негизги тести 110 баллдан жогорку абитуриенттерге конкурска катышууга мүмкүнчүлүк берилген. Учурда айрылма талондорду таштаганы келген абитуриенттердин саны арбын болууда.

Кошумчалай кетсек, кабыл алуунун биринчи туру 9-июль күнү башталса, 11-июль күнү саат 14-00 жыйынтыкталып гранттык комиссия тарабынан каралат, комиссия тарабынан сунуш кылынган абитуриенттер документтерин тапшырууга укук алышат.

2401 23:11 09-07-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|