Жанылыктар

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕИНИН КОНФУЦИЙ ИНСТИТУНУН КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ДОСТУГУН ДАНАЗАЛАГАН “КӨКТӨМДӨГҮ ЖАЗ” АТТУУ 2018 –ЖЫЛКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР КЕЧЕСИНЕ АРНАЛГАН ОТЧЕТТУК ГАЛА КОНЦЕРТИ БОЛУП ӨТТ&

2018-жылдын 31- май күнү Ош Мамлекеттик Университетинин Конфуций институту тарабынан уюштурулган, Ош шаарынын жайгашкан “Бабур” драма театрында Кыргыз-кытай достугун даназалаган “Көктөмдөгү жаз” аттуу отчеттук гала концерти болуп, концертке Ош МУнун ректору К. Исаков, Ош МУнун проректорлору, КЭРдин оштогу консулу Су Лициюн , ата –э нелер жана башка сыйлуу коноктор катышышты.

Иш чаранын ачылышында ОшМУнун ректору Каныбек Абдуваситович куттуктоо сөзүн сүйлөп, 2017-2018-окуу жылы ОшМУ үчүн, институт үчүн, факультет үчүн мыкты жетишкендиктин жылы болуп, ОшМУнун Конфуций институту аркылуу Кыргыз-кытай достугу өнүгүп, билим берүү тармагына ОшМУ менен алгылыктуу иш алып бара жатканын баса белгиледи. 2018-жылы экинчи бүтүрүүчүлөрүн мындан аркы турмуш жолуна узатып, ийгилик каалады.

КЭРдин Оштогу консулу Су Лицюн мырза өз сөзүндө ОшМУ билим берүү менен чектелбестен Кыргыз-Кытай достугуна салым кошуу менен, эки өлкөнүн маданий, соодо сатык, билим берүү тармагына кошкон салымы зор экенин баса белгиледи.

Шанхай чыгыш-кытай педогикалык университетинин профессору Ху Фанджу мырза сөзгө чыгып Ош МУ өнүгүү жолунда баратканын жана ОшМУ менен кызматташтыкта экенине сыймыктанарын айтып, Кыргыз-Кытай факультетинин студенттерине, эмгек жамаатына алкыш айтып, бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалады. Ош МУга, Конфуций институна жана оштуктарга албан албан ийгиликтерди каалоо менен бирге Кыргыз-Кытай достугу Сулайман тоодой түбөлүккө бекем турарына ишенерин айтты.

Иш чаранын ачылышында ардактуу окутуучуларыбызды жана студенттерибизди сыйлоо баракчаларын тапшыруу менен башталды. Конфуций институтунун Кыргыз тараптан директору Айтикеев Токтосун жана Кытай тараптап директору Лю Вейчиан мырза билим берүүгө кошкон барандуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Билим-берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланышты. Ошондой эле жаштар иштерине алгылыктуу салым кошкону үчүн Кыргыз-Кытай факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары Үсөн уулу Маматаир, Кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын башчысы Манашов Мирлан, Кыргыз-кытай факультетинин студенти Турдалиев Амантур жана Таалайбек кызы Дамира Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитетинин ардак грамотасы менен сыйланышты.

Маданий отчеттук концерт жогорку денгээлде өткөрүлүп, концертте Кыргыз-Кытай факультетинин студенттеринин аткаруусунда кытай музыкалык аспаптары, ушу өнөрү, кытай операсы аткарылып, Кытайдан келген окутуучу волонтерлор тарабынан кыргыз маданиятын даназалаган ырлар бийлер аткарылып, манас айтылып залдагы көрөрмандардын купулуна толду.

3262 13:10 03-06-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|