Жанылыктар

ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинин 3-курсунун студенти Кошой кызы Жамиланын «ДИЛ МҮРӨК» аттуу ыр жыйнагынын ачылуу аземи болуп өттү

23-май күнү Кыргыз-Кытай факультетинде КК2-15 тайпасынын студенти Кошой кызы Жамиланын «Дил мүрөк» аттуу ыр жыйнагынын ачылуу аземи, поэзмия кечеси болуп өттү. Бул өткөзүлгөн иш чарага жаш акын кыздын ата-энеси, акын Нуржамамал Калмаматова, мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары, факультеттин окутуучулук курамы жана окутуучу-волонтерлору катышышты. Автордун ырлары көркөм окулуп, ыр, бийлер коштолду. Кечени мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Б.Закирова даярдап, факультеттин деканы Т.К.Айтикеев тарабынан колдоолор көрсөтүлүп, баалуу белектер берилди.
2984 14:06 24-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|