Жанылыктар

ОШМУНУН “БИЛИМ” ЛИЦЕЙИНДЕ “КОНФУЦИЙ КААНАСЫ” АЧЫЛДЫ

Бул иш – чарага ОшМУнун мамлекттик тил болюнча проректору Ташболот Жороев, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор Түмөнбай Колдошов, Конфуций институнун кытай тараптан директору Лю Вей Чан “Конфуций каанасын” салтанаттуу түрдө ачып, эки тараптуу достук алакасы мындан да бекем болуп, билимге ынтызаар жаштарга ак жол каалашты. Андан соң “Билим” лицейи жана Конфуций инситутунун таланттуу студенттери келген конокторго концерттик программа тартуулашты. Бул тууралуу “Билим” лицейинин директору Жоогазын Болушова: “Билим лицейинин “Конфуций” каанасы Конфуций институту тарабынан каржыланып, эки каанабызды толугу менен жаңыланды. Буга кошумча техникалык базабызды кеңейтип компьютер, проектор, принтер, телевизор менен камсыздады. “Билим” лицейинде 2013 – жылдан тарта кытай тили окутулуп келет. Жылдан – жылга кытай тилин үйрөнүүгө кызыккан окуучулардын саны өсүүдө. Азыркы учурда 193 окуучунун ичинен 52 окуучу кытай тилин үйрөнүп жатышат. Кубандарган жагдай жыл сайын Кытайдан ыктыярчылар келип бекер окутуп кетишет. Буюрса кызматташуу токтобойт мындан ары да уланат. ОшМУнун ‘Билим’ лицейи үчүн бул чоң ийгилик, тарыхта калчу күн. Конфуций институтунун Кытай тараптан директору Лю Вей Чан баса белгилегендей ректорубуз Каныбек Исаковдун колдоосу аябай чоң. Анткени мектептеги “Конфуций каанасы” биринчи жолу Ош шаарында ОшМУнун “Билим” лицейинде ачылууда.”– деп билдирди. Эске салсак 2017 – жылы ОшМУнун Конфуций инситутуна Дүйнөнүн 625 Конфуций инситутунун ичинен “Жылдын мыкты инситуту” наамы берилген.
2977 09:15 16-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|