Жанылыктар

ДЕКАНДЫН ЖАНЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТООСУ

Урматтуу Ош мамлекеттик университетинин жалпы жамааты жана студент достор! Сиздерди келе жаткан 2018-жылкы Жаңы Жылыңыздар менен чын журоктон куттуктайм! Жаңы жыл сиздерге бакыт таалай, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, аманчылык, эл – жерибизге береке, молчулук, токчулук, ынтымак алып келген ак-жолтой, ийгиликтердин жылы болсун! Өз өмүрлөрүн келечек муунду тарбиялоого арнаган ардактуу окутуучуларбыздын иштерин Жараткан колдоп, ар дайым ийгиликтер коштоп журсун! Өтуп бара жаткан жыл Ош МУнун жана Кыргыз-Кытай факультети, Конфуций Институту үчүн жемиштүү жылдардан болду. 2017 жылда Урматтуу ректорубуз Каныбек Абдуваситовичтин жетекчилиги астында Ош МУдагы көптөгөн ийгиликтерге баарыбыз кубө болдук. Атап айтканда Кырыгыз Республикасынын Президенти Ош мамлекеттик университетинин Кыргызстандын руханий интеллектуалдык денгээлине кошкон бараандуу салымы үчүн Ош МУ эн жогорку сыйлыктардын бири «Данк» ордени менен сыйлады. Ошондой эле, ректорубуз Каныбек Абдуваситович Кытай Эл Республикасында 2017 - жылдын декабрь айында откон XII дуйнолук Конфуций Институттардын жыл жыйынтыктоочу конференциясында «ЭН МЫКТЫ РЕКТОР» номинациясына татып, «АЛТЫН» медалга ээ болушу бүгүнкү күндө университетибиздин зоболосу Республикада гана эмес, Эл аралык денгээлде айкын корунгондугун билгизет. Ошону менен бирге Конфуций Иснтитутуна жаңы заманбап окуу корпусу, жатаканасы менен курулуп, пайдаланууга берилди. XII дуйнолук Конфуций Институттардын жыл жыйынтыктоочу конференциясында ОшМУнун Конфуций Институту дүйнөдөгү 525тен ашык институттардын арасынан «ЭН МЫКТЫ» институт жана «ЭН МЫКТЫ» HSK тестирлөө борбору деп таанылды. Конфуций Институтунун алгачкы 64 бүтурүүчүдөн 34ту КЭРдин алдынкы ЖОЖдоруна бюджеттик негизде магистратурага жолдомого ээ болушуп, билим алып жатышат. Жаны 2018 - жылда алдыга коюлган айкын максаттарды жана албан иштерди аткарууну пландаштыруудабыз. Факультеттин өнүгүүсунө, ооматтуу ордендүү университетибиздин аброюн дүйнөлук денгээлге көтөрүүгө Жараткан баарыбызга чыгармачылык ийгиликке ишенимдуу кадам, талыкпас мээнэт жана ынтымак, биримдик берсин! Сиздерди терен Урматтоо менен Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Т.К. Айтикеев
3314 10:09 31-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|