Жанылыктар

17-НОЯБРЬ-СТУДЕНТТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК САЛТАНАТТА "ШТКНЫН ФИНАЛДЫК БЕТТЕШИ БОЛУП, АНДА "ККФ" КОМАНДАСЫ 3 ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ

Ош мамлекеттик университетинин тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан Ош улуттук драма театрында 17-ноябрь –студенттердин эл аралык күнүнө карата “Студенттик шайыр тапкычтар клубунун” финалдык беттеши жана “Жылдын мыктылары-2017” ОшМУнун алдыңкы студенттерин сыйлоо аземи болуп өттү. Студенттердин эл аралык күнүнө карата “Жылдын мыктылары-2017” ОшМУнун алдыңкы студенттерин сыйлоо аземинде ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков студенттерди куттуктады. Ошондой эле Кыргыз-Кытай факультетинин КК2-16 тайпасынын студенти Жайнаков Эрлан ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин стипендиаты деген сертификатын жана акчалай сыйлыгын алды. Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгүндө “Студенттик шайыр тапкычтар клубунун” финалдык беттеши орун алып, майрам ээлеринин маанайын көтөрдү. Сынакта белгилүү ырчы, куудулдар калыстык жүргүзүшп, Кыргыз-Кытай факультетинин "ККФ" командасы калыстардын купулуна толуп, залдагы көрүүчулөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ боло алды. Жыйынтыгында ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин "ККФ" командасы 3- орунга ээ болуп, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
2439 18:09 18-11-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|