Жанылыктар

КЫРГЫЗ ТИЛИ МАЙРАМЫ

Кыргыз-Кытай факультетинде 23- сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүн 28 жылдыгынын урматына факультетибизде 1- курстар аралык маданий иш чара болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Мамлекеттик тил борборунун проректору, доцент, филология илимдеринин кандидаты Жороев Ташболот агай, мамлекеттик тил кафедрасынын башчысыАлиева Фарида эжекебиз иш чарага эн жакшы деген бааларын беришти. Маданий иш чарага үч тайпа 1-курс Бакалавр "Келечек" тайпасы, Колледж 11 база "Жаш Тилчилер" тайпасы, колледж 9 база "Манас" тайпалары катышып, студенттерибиз мекенчилдик сезимди ойготкон ырлар, жан дүйнөну дүрбөтө айтылган Манас эпосунан үзүндү, улуттук бий өнөрлөрүн тартуулашты. Студенттерибиз жаныдан университет астанасын аттаганына аз убакыт болсо да, тилибизди данктаган иш чарага жогорку денгээлде даярдык көрүп, окутуучулар жамаатына жана келген коноктордун купулуна толо алды жана мыкты номерлер, аткаруучулар Ош Мамлекеттик Университетинде өтүүчү чон масштабдуу иш чарага жолдомо алышты. Жыйынтыгында 1-орунга коледж 11 база "Жаш Тилчилер" тайпасы, 2- орунга бакалавр "Келечек" тайпасы, 3-орунга 9 база колледж "Манас" тайпасы ээ болду.
4264 19:33 23-09-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|