Жанылыктар

Ош МУнун жатаканасы: 21-март Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара болуп өттү

16-17-19-март күндөрү университетибиздин бардык жатаканаларында майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарада кыргыздын улуттук оюндары, күрөш, кол күрөш, тогуз коргоол, аркан тартыш боюнча мелдеш уюштурулду. Мелдештин жеңүүчүлөрү ардак баракча жана сыйлуу белектер менен сыйланышты. Андан сырткары майрамдык концерт уюштурулуп, студенттер ортосунда кыз-жигит "Сармерден" оюну да болду. Нооруздун белгиси болгон, кыргыздын улуттук тамагы сүмөлөк кайнатылып, студенттерге таратылды. Мындай саамалык Ош МУну ректораты жана профсоюз уюму тарабынан колдоого алынып, жыл сайын уюштурулуп турат.
2697 13:46 20-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 >|