Жанылыктар

Түрк тилинен которулган «Хадистердин негизинде Ислам» атуу 7 томдуу китеп Кыргызстандын баардык аймагына акысыз таркатылды

2018-жылдын 13-июль күнү Ош шаарында «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу 7 томдуу китептердин бет ачары болду. Китептин бет ачарына Түркиядан бир канча өкүлдөр, Кыргызстандагы дин тармагында иштеген кызматкерлер катышты. Иш чарада 400 том китеп имамдарга, медереселерге окуу куралы катары акысыз таркатылган. Китепте жашоонун баардык чөйрөсүн камтыган хадистер жөнүндө 400дөн ашуун теманын ар бири кеңири баяндалган. Китепте баяндалган хадистер түрк тилинен кыргыз тилине теология факультетинин мугалимдери тарабынан которулган. Аталган иш-чараны улай 14-15-июль күндөрү Нарын, Талас, Ыссык-Көл облустарында да «Хадистердин негизинде Ислам» китебинен 300 даанадан жана Курандын кыргызча котормосунан ар бир имамга бир даанадан ошондой теология факультетинин басылмаларынан акысыз таркатылды. Түркиянын «Диянет» фонду каржылаган бул китеп Кыргызстандын калган аймактарына да акысыз таркатылат.

3077 21:03 16-07-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|