Жанылыктар

ОшМУнун теология факультетинде Орто кылымдын белгилүү Ислам аалымы Али бин Осмон аль-Ошийге арналган эл аралык илимий практикалык конференция болуп өттү.

2018-жылдын 10-11-май күндөрүндө ОшМУнун теология факультети менен Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) биргеликте 10-11- май күндөрү Орто кылымдын белгилүү Ислам аалымы Али бин Осмон аль-Ошийге арналган эл аралык илимий практикалык конференция өткөрдү. Конференцияга Түркиядан 25, Өзбекстандан 3 ошондой эле Кыргызстандын башка университеттеринен профессорлор катышып, аалым тууралуу баяндамаларды жасашты. Баяндамаларда буга чейин белгилүү болбогон кызыктуу фактылар, эмгектериндеги өзгөчөлүктөр жалпыга маалым болду.. Белгилей кетсек, Оший өз мезгилинин улуу аалымы катары таанылган жана анын эмгектери диний мекемелерде илимий китеп катары бүгүнкү күнгө чейин окутулуп келүүдө.

2821 11:06 15-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|