Жанылыктар

Кыргызстандагы теология факультеттери арасында "Жаштар жана дин" аттуу студенттик илимий конференция өттү

2018-жылдын 25-26-апрель күндөрү "Жаштар жана дин" аттуу темада теология факультеттери арасында студенттик илимий конференция болуп өттү. Бул иш - чара 2-ирет өткөрүлүп, конференцияга "Манас" КТУнун, И. Арабаев атындагы КМУнун, Арашан гуманитардык институтунун жана ОшМУнун теология факультеттеринин студенттери катышты. Бул ирет конференция 25-апрель күнү АГИ нин теология факультетинде "Адамдык мамилелерди өнүктүрүүдө диндин ролу" деген темада болуп өттү. Бул илимий конференцияда КТМУ, АГИ жана ОшМУнун теология факультеттеринин студенттери докладдарын сунушту. Ал эми, 26-апрель күнү Кыргыз - Түрк "Манас" университетинин теология факультетинде "Жаштар жана дин" аттуу темада конференция өткөрүлүп, төрт факультеттин студенттери негизги темага жараша "Жаш үй-бүлөлөрдүн бузулуусунун себептери жана алдын алуу жолдору", "Жаштар арасындагы суициддин алдын алууда диндин орду", "Келечек муунду кайдыгерлик жана үмүтсүздүктөн куткаруу", "Дин жана улуттук баалуулуктардын айкалышы", "Социалдык тармактардын терс таасиринен жаштарды кантип коргойбуз" деген аталыштагы актуалдуу маселелерде өз докладдарын сунушту. Конференция 3 отурумдан болуп, ар факультеттин окутуучулары өз каалоо - тилектерин айтышып, доклад сунган студенттерге, бул иш-чаранын демилгечи тобуна жана аны жетектеген Арипов Ниязали агайга ийгилик каалап, КТМУ нун теология факультети жана АГИ нин теология факультети тарабынан ыраазычылык баракчасы ыйгарылды. Бул саамалыктын жыйынтыгы катары 27-апрель күнү И. Арабаев атындагы КМУнун теология кафедрасында тегерек стол болду. Жыйын ар факультеттин уюштуруучу топтору тарабынан түрдүү сунуш-пикирлер жана суроо-жооптор менен коштолду.

4736 18:08 28-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|