Жанылыктар

100 ИМАМ БИЛИМИН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН АТАЙЫН САБАК АЛУУДА

Ош мамлекеттик университетинде «Имамдардын билимин жогорулатуу курсу» башталды. Окуу жайдын теология факультетинен кабарлашкандай аталган курска Ош облусунан 100 имам угуучу катары катышууда.

Окутуу курстары 6 күндүк мөөнөт менен эки жолу өткөрүлөт. Анда ОшМУнун теология факультетинин окутуучулары, Муфтиятка караштуу дин аалымдары жана башка тиешелүү лекторлор сабак берет.

«Имамдардын билимин жогорулатуу курсу» жумурияттагы «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун колдоосунда өтүп жатат.

2255 12:06 18-01-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|