Жанылыктар

Ош шаарындагы имам Бухарий мечитинде Куран таратылды

2018-жылдын 17-январында имам Бухарий мечитинде багымдат намазына келген жамаатка Курандын кыргызча котормосунан тапшырылды.

Иш-чараны Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев ачты. Андан кийин теология факультетинин деканынын орун басары Ферхат Гөкче Курандын пазилеттери жөнүндө сөз кылып, акырет күнүнүндө жараткандын алдында барганда, Куран арабча болгону үчүн түшүнбөдүк деген шылтоо айтпоосун, кыргызчасын окуп түшүнүүсүн жамаатка баса белгилеп өттү.

Кошумчалай кетсек бул иш-чара «Белегим Куран болсун» долбоорунун негизинде уюштурулуп. Долбоордун алкагында буга чейин 14 башка жерде 3 миңден ашуун Курандын кыргызча котормосунан акысыз таратылган.

4012 10:19 17-01-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|