Жанылыктар

Баткенде «БЕЛЕГИМ КУРАН БОЛСУН» долбоору уланууда

Баткен облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында «Белегим Куран болсун» долбоору өтүп, анын алкагында имамдарга ыйык Куран китебинин кыргызчаланып которулган варианты белекке берилди. Иш чарага Баткен облусунун мусулмандар казысы Муса ажы Жолдошов, ОшМУнун теология факультетинин деканын орун басары доцент, доктор Ферхат Гөкче, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Ниязали ажы Арипов, Тимур Козукулов, Халил Ибрахим Өзтүрк, Шейх Ахмет Хилал, жана казыят кызматкерлери катышты. Иш чаранын жүрүшүндө облус казысы сөз сүйлөп, эң чоң белек бул Куран экендигин айтып, Түркиянын Диянет фондуна жана ОшМУнун теология факультетине терең ыраазычылыгын билдирди. “Белегим Куран болсун” долбоору Баткен Мамлекеттик Университетинде улантылып, окуу жайдын кызматкерлерине жана студенттерине китептер таратылды.

3566 17:44 12-01-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|