Жанылыктар

Теология факультетинин бүтүрүүчүсү 203 өлкө арасында 1-орунду алды

Эл аралык Ассоциациялар Федерациясынын демилгеси менен Түркия Республикасында эл аралык студенттер арасында ыр жана аңгеме жазуу, кыска метраждуу фильм тартуу боюнча мелдеш өткөрүлдү. Эл аралык студенттердин катышуусу менен өткөн мелдеште Түркия мамлекетинин Кайсери шаарында магистратура диссертациясын жактап жаткан мурдакы студентибиз Манасбек Максутов өлкөбүздү 203 өлкө арасынан 1-орунга алып чыкты. Манасбек тарткан кыска метраждуу фильмде Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер баса белгиленген. Манасбек менен катар Буркина Фасо, Индонезия, Бангладеш, Афганистан, Сирия жана Азербайжан мамлекеттеринен келип билим алып жаткан студенттер да байгелүү орундарга жетишти. Эл аралык Ассоциациялар Федерациясы тарабынан уюштурулган бул иш-чаранын сыйлык тапшыруу аземине Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын уулу жана Бүткүл Дүйнөлүк Этно Спорт Конфедерациясынын башчысы Нежметтин Билал Эрдоган, Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо Министри Ахмет Демиржан жана Түркия Республикасынын Улуу Мажилисинин бир катар депутаттары катышышты. Кыска метраждуу фильм тартуу боюнча 1-орунду багынткан мурдакы студентибиз Манасбек Максутовго сыйлыкты Түркия Республикасынын Президентинин уулу жана Бүткүл Дүйнөлүк Этно Спорт Конфедерациясынын башчысы Нежметтин Билал Эрдоган өз колу менен тапшырды. Эскерте кетсек Манасбек Максутов Ош мамлекеттик университетинин теология факультетин 2014-жылы бүтүргөн.

2302 17:22 24-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|