Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында теология факультетинде «Кыргыз-Түрк тамак-аш» жарманкеси болду. Жарманкеге кыргыз элинин жана түрк элинин улуттук тамактары коюлду. Бул иш-чарага ОшМУнун табият-таануу жана география факультети, медициналык колледжи жана медициналык факультетинин студенттери катышты. Коюлган тамактар сонун экенин айтып тез-тез ушундай жарманкелердин болуп туруусун сатып алуучулар суранып өтуштү. Эскерте кетсек мындай жарманке теология факультетинде биринчи жолу уюштурулуп жатат.
Кыргыз элинин жана Түрк элинин улуттук тамак-аштарынын жарманкеси
10:53