2017-жылдын 25-август күнү ОБСЕ менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик диний комиссиясы биргеликте уюштурган «Диндердин маданияты тарыхы» аттуу мугалимдер үчүн тренингге теология факультетинин деканы доц. Мырзаибраимов Самаган, ага окутуучу Жусубалиев Али жана Зууридинов Өскөнбай агайлар катышты. Анда «Ислам: түзүлүш жана агымдар» деген темада Жалалабад, Баткен жана Ош облусунан келген тарых мугалимдерине лекция окуду. Акырында катышуучулардын суроолоруна жооптор берилди.
Тренинг «Диндердин маданияты тарыхы»
16:04