2017-жылдын 16-февраль күнү теология факультетинин окутуучулар жамааты жана студенттери факультеттердин ортосундагы мобильдүүлүктүн алкагында БжМ факультетине барып келишти. Алгач БжМ факультетинин деканы Убайдуллаев Мирлан Байдусенович жана теология факультетинин деканы Мырзаибраимов Самаган Абдразаковичтер сөз сүйлөдү. Андан соң келген конокторду жалпы окуу корпус менен тааныштырып чыгышты. Таанышып чыккандан соң студенттерди эки тайпага бөлүп, биринчи тайпага Пайизбекова Клара Топчубековна «Банк жана улуттук банк» деген темада лекция окуса, экинчи тайпага Кенжеева Максуда Абдуваиповна «Кыргыз республикасынын бюджеттик системасы» деген темада лекция окуду.
Мобильдүүлүктүн алкагында теология факультетинин жалпы жамааты БжМ факультетинде болушту
13:27