Жанылыктар

БиМ факультети теология факультетинде болушту

2017-жылдын 14-февраль күнү Бизнес жана менеджмент факультети факультеттердин ортосундагы мобильдүүлүк программасынын алкагында теология факультетинде болушту. Алгач БжМ факультетинен келген окутуучулар жамааты жана студенттер теология факультетинин жалпы окуу корпусу менен таанышып чыгышты. Андан соң семинар угуу үчүн теология факультетинин конференция залына чогулуп, ачылыш сөздү теология факультетинин деканы Мырзаибраимов Самаган Абдразакович жана БжМ факультетинин деканы Убайдуллаев Мирланбек Байдусенович сүйлөп, эки факультеттин ортосундагы байланышты мындан ары да күчөтүү керек экенин баса белгилеп өтүштү. Андан кийин теология факултетинин окутуучусу Ниязали Арипов «Ислам дининде соода-сатык жана банк менен иштөө» деген темада семинар өттү. Семинар суроо-жооп менен коштолуп, студенттер өтө активдүү катышты. Соңунда БжМ факультетинин китепканасына жана келген жалпы конокторторго теология факультети тарабынан басылып чыгарылган китептерден белек кылынды.

9247 15:20 15-02-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|