Жанылыктар

Медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн 15 жылдык жоолугушуу аземи уюштурулду

20-май медицина факультетинин 2002-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуу аземи болуп өттү.

Жолугушууну “Ички оорулар №2” кафедрасынын башчысы, доцент А. А. Садыкова жана доцент Б.К. Кенешбаевдер тарабынан уюштурулуп Ош шаарында саламаттык сактоо жана ар түрдүү тармактарда иштеп жаткан 40дан ашуун бүтүрүүчү катышты.

Алгач бүтүрүүчүлөрдү нан ооз тийгизип тосуп алып, катоодон өткөрүп, сурамжылоо баракчасы, резюме таратылып, аземдин төш белгиси тагылды.

Жолугушууга ОшМУнун Өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору, доцент А.О.Абдувалиев, доцент Дж.А.Уметова, А.А.Момунова, Ш.Дж.Айтиева, бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын кеңешинин аткаруучу комитетинин төрагасы Азамат Абдуллаев, кафедра башчылары катышып, куттуктоо сөз сүйлөп, медицина факультетинин басып өткөн жолу, тарыхы, факультетти түптөөдө болгон кыйынчылыктарга кеңири токтолуп, бүтүрүүчүлөргө саламаттык сактоо тармагына кошкон салымы үчүн медицина факультетинин «Ардак грамоталары» тапшырылды жана 25-жылды камтыган медицина факультетинин видеоролиги көрсөтүлдү.

Ошондой эле салтанатта бүтүрүүчүлөрдөн өкүлдөрүнө сөз берилип өз каалоо-тилектерин билдиришип, окуткан устаттарына, медицина факультетинин жамаатына ыраазычылык сөздөрүн жолдошту.

Жоолугушуунун аягында 2003-жылдагы бүтүрүүчүлөргө эстафета катары “ Бүтүрүүчүлөрдөн кубогу” жана “Китеби” тапшырылды.

3864 13:52 22-05-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|