Жанылыктар

Медицина факультетинин "Периси" аныкталды

Ош шаарындагы Олигарх ресторанында 28-март күнү медицина факультетинин “Медфак периси - 2017” сынагы болуп өттү.

Декандын тарбия иштери боюнча орун басары Абсамат Саттаровдун айтымында, сынактын финалдык туруна 7студент катышып, ар бир катышуучу өзү тууралуу ырларды көркөм окуп, интеллектуалдык викторинадагы суроолорго жооп беришти. Ошондой эле музыкалык сынак жана кечки стиль тапшырмаларын аткарышты.

Сынакка шаарыбыздагы белгилүү, дизайнерлер факультеттин кафедра башчыларынан калыстык кылып жыйынтыгында фармация адистигинин 1-курсунун студентти Курстанбек кызы Элнура гран-прини жеңип алып “Медфак периси - 2017” номинациясына ээ болду жана уюштуруучулар тарабынан Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо, Vizitka журналына интервью жана Кубанычбек Молдокуловдон акысыз фотосессияга сертификат тапшырылды. Ошондой эле стоматология адистигинин 1-курсунун студенти Үсөнова Айзирек 1-орунду алып микроволновка жана “Этно” кафесине кечки тамак учун 2000 сомдук сертификат, дарылоо иши адистигинин 1- курсунун студенти Айтиева Уулжан 2-орунду алып духовка жана ”Remi”караокесине 1000 сомдук сертификат; дарылоо иши адистигинин бюджеттик бөлүмүнүн 1- курсунун студенти Малик кызы Эркинай 3-орунду алып сенсордук плитка жана «Grand»кафесине 700 сомдук сертификат менен сыйланды. Калган катышуучуларга «Лидер» окуу борборунан акысыз билим алуу учун сертификат жана чач кургаткыч белекке берилди.

Жалпы катышуучуларга « Нур Спорт» комплексинен «Боулинге» сертификат берилди. Табийгый илимдер дисциплиналар кафедрасынын доценти Н. А. Абдыганыев бардык катышуучуларга китеп белек кылды!

Белгилей кетсек, “Медфак периси”сынагы тарбия иштери боюнча декандын орун басары жана жаштар комитети тарабынан салтка айланып уюштурулуп, жылдагыдан өзгөчөлөнүп быйыл Олигарх ресторанында өткөрүлдү жана «Этно» кафеси, «Remi» рестораны, «Grand» кафеси, «Нур Спорт» комплеси, “Лидер” окуу борбору, “Максимум” полиграфиялык борбору, ОшТВ телеберуу компаниясы демөөрчүлүк кылды.

8858 15:25 29-03-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|