Жанылыктар

Экспертик топ ТТГФда ички мониторинг жүргүзүштү

Табият-таануу жана география факультетинде Табигый илимий билим берүү багытынын (бакалавриат,магистрдик) жана колдонмо геодезия(колледж) адистиктерин көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүгө даярдыктар боюнча 20-22-февраль күндөрү ОшМУнун эксперттери тарабынан ички мониторинг жүргүзүштү. Комиссиянын составында жаңы технологиялар жана дистанттык билим берүү департаментинин директору, ф-м.и.к., доцент Омаралиев А.Ч., м.и.к., доцент Момунова А.,тарых.и.к., доцент Султанова А., м.и.к., доцент Сакибаев К., э.и.к., доцент Токторов К., п.и.к., доцент Алиева Б болушуп тийешелүү өздүк баалоонун документтер менен таанышышып ички мониториг жүргүзүштү. Текшерүү учурунда факультеттин структура жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам, студентер менен жолугушушуп интервьюлар алынды, окутуучулардын сабактарына катышышты жана факультеттин материалдык техникалык базасы менен таанышышты.Өздук баалоонун отчетуна, НББПга, ОМКларга анализ берилип кемчилдиктерди баса белгилешти жана аларды 1-мартка чейин оңдоп түзөтүүнү сунуштады. Факультетин жамааты келген комиссияга берген маалыматтары үчүн чоң ыраазычылыктарын билдиришип,иштеринде ийгиликтерди каалашты.
2308 18:10 22-02-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|