Жанылыктар

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата ТТГФда жолугушу болду.

2017-жылдын 17-апрель куну табият таануу жана география факультетинде Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында окумуштуулар жана дин аалымдары менен студенттердин жолугушуусу уюштурулду. Жолугушууга академик Б. Мурзубраимов, б.и.д., проф. Каримова Б.К., г.и.д., проф. Матикеев К.М., х.и.д. проф Алтыбаева Д.Т., теология илимдеринин доктору Ниязалы ажы Арипов, Ош шаардык маданият бєлїмїнїн башчысы Топчубай Досбаев катышышты. Жолугушууда академик Б. Мурзубраимов ата-энеге жана мугалимге урмат-сый кандай болуш керектигине токтолсо, Топчубай Досбаев Ош шаарында єткєрїлїп жаткан маданий иш чараларга ОшМУнун студенттери дайыма активдїї катышып келе жаткандыгын белгиледи. Ал эми Ниязалы ажы Арипов студенттерге экстремизм жана терроризм боюнча маалымат берип, анын бїгїнкї коомдо тийгизип жаткан терс таасирлерине токтолду. Жалпысынан алганда адамды ыймандуулукка, адептїїлїккє, маданияттуулукка їндєгєн маселелер айтылып, талкууланып, сурооо-жооп менен коштолду.
3400 11:04 21-04-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|