Жанылыктар

“Дистанттык окутуунун азыркы абалы жана келечеги” – деген темада семинар

Билим берүүдө жаңы технологияларды колдонуп, дистанттык окутуунун артыкчылыктуу багыттарын жайылтуу жана практикалоо максатында 2018-жылдын 19-февраль күнү Жаңы технологиялар жана дистанттык билим берүү департаменти жана Физика-техника факультетинин деканаты тарабынан уюштурулган семинар болуп өттү. Семинарга ФТФнын профессордук-окутуучулук курамы жана коноктор катышышты.

Семинарды ФТФнын деканынын м.а., доцент Ж.Ж. Турсунбаев ачып берди.

Ø “ОшМУнун учурдагы маалыматтык коммуникациялык инфраструктурасы жана жаңы мүмкүнчүлүктөр”-деген темада ОшМУнун жаңы технологиялар жана дистанттык билим берүү департаментинин директору, ф-м.и.к., доцент А.Ч. Омаралиев,

Ø “ОшМУнун расмий сайтынын жаңыланышы жана структуралык бөлүмдөрдүн жекече сайттарын уюштуруу (Электрондук китепкана, Антиплагиат прог. боюнча ж.б.)”- деген темада ОшМУнун IT академиясынын директору, ф-м.и.к., доцент У. Д. Молдояров,

Ø “AVN ИСнын программалары жана отчеттору менен иштөө. (AVN 1-44, окуу порталы, Kel Bil)” – деген темада ОИД дин башкы адиси Т.К. Ибраимов,

Ø “Дистанттык технологияларды колдонуу менен окуу процессин уюштуруу” – деген темада ОшМУнун БиМ факультетинин дистанттык борборунун директору, э.и.к., доцент Б.М. Асанов дор маанилүү баяндамаларды жасап, октуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.

Факультеттин жалпы жамаатынын атынан баяндамачыларга ыраазычылык билдиребиз!
2445 08:46 24-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|