Жанылыктар

МИТ факультетинде илим жумалыгы жана “Математиканын, информатиканын учурдагы маселелери жана алардын колдонулуштары” аттуу III илимий конференция өткөрүлдү

Урматтуу _______________________________________!

Сизди, математика жана информациялык технологиялар факультетинде 2018-жылдын 25-27-апрель күндөрү өткөрүлө турган илим жумалыгына чакырабыз!

Илим жумалыгынын иштөө тартиби :

Иш чара

Мөөнөтү, убакты-сы

Өтүлүүчү жер

Жооптуу окутуучулар

1

Илим жумалыгынын жана “Математиканын, информа-тиканын учурдагы маселе-лери жана алардын колдону-луштары” аттуу III илимий конференциянын салтанаттуу ачылышы

Пленардык баяндамалар

25-апрель

Саат 11:00

201-ауд.

Асылбеков Т.Д.,

Матиева Г.,

Каримов С.,

Сопуев А.,

Аттокурова А.,

Ободоева Г.С.,

Папиева Т.М.,

Чамашев М.К.,

Сопуев У.А.,

Беделова Н.С.

2

Окутуучулардын жана студенттердин илимий баяндамалары

I секция. Математика жана информатиканы окутуунун усулу

II секция. Математиканын актуалдуу маселелери

III секция. Экономикадагы колдонмо математиканын жана информатиканын маселелери

IV секция. IT технологиянын жаңылыктары

Магистранттардын илимий баяндамалары

I секция. Математика

II секция. Колдонмо информатика

III секция. Экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар

IV секция. Билим берүүдөгү менеджмент

V секция. Математика-информатика

25-апрель

Саат 11:00

302-ауд.

303-ауд.

324-ауд.

327-ауд.

331-ауд.

308-ауд.

328-ауд.

325-ауд.

232-ауд.

Оморов Ш.Д.,

Авазова Э.Т.

Сопуев У.А.,

Мурзабекова А.

Ободоева Г.С.,

Чоюбекова А.

Тажикбаева С.Т.,

Ажибекова А.Т.

Папиева Т.М.,

Мустапакулова Ч.А.

Турсунов Д.А.,

Артыкова Н.

Сопуев А.,

Омаралиева Г.

Келдибекова А.Ө.

Садыков З.

Аттокурова А. Дж,

Абдыкалыкова К.Ж.

3

1. “Антиплагиат ОшМУда”;

2. “Табышкерлер таймашы”;

3. “Брейн-ринг”;

4. “Акылман ордо;

5. “Ч. Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү;

6. “Мыкты акын”, “Мыкты сүрөтчү”, “Мыкты кол өнөрчү” конкурстары.

26-апрель

Саат 11:00

КАЗ

МИТ факультетинин жаштар комитети,

Дооронова Назгүл,

Мураталиева Уркуя,

Тажикбаева Сонайым,

Артыкова Нурила,

Мустапакулова Чолпон.

4

Илим жумалыгынын жабылуу аземи, окуунун мыктыларын, мыкты илим изилдөөчүлөрдү, аспиранттарды, олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо, илим жумалыгына активдүү катышкандарды сыйлоо, концерттик программа.

27-апрель

Саат 11:00

201-ауд.

Асылбеков Т.Д.,

Беделова Н.С.,

каф. башчылары.


Илим жумалыгынын жана “Математиканын, информатиканын учурдагы маселелери жана алардын колдонулуштары” аттуу III илимий конференциянын программасы:

25-апрель, 2018-жыл, 201-аудитория

(Кыргыз Республикасынын гимни)

- Илим жумалыгынын салтанатуу ачылышы – ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор И.Г. Кенжаевдин сөзү

- Математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканы, ф.-м.и.к., доцент Т.Д. Асылбековдун сөзү

- ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Г.М. Анарбаеванын сөзү

- ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессор Т.Т. Жумабаеванын сөзү

- Кафедра башчыларынын сөздөрү.

ПЛЕНАРДЫК БАЯНДАМАЛАР

(5-10 мүнөт)

1. Матиева Гүлбадан – физика-математика илимдеринин доктору, профессор: “Геометриянын колдонулушунун бир мисалы”;

2. Сопуев Адахимжан – физика-математика илимдеринин доктору, профессор, программалоо кафедрасынын башчысы: “Студенттерде эсте калган билимдерин аныктоо аркылуу окутуунун сапатын жогорулатуу маселелери”;

3. Турсунов Дилмурат Абдиллажанович – физика-математика илимдеринин доктору, профессор: “Математика жана компьютер”;

4. Айтибаева Жыпаргүл Калыевна – мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу: “Аалам алпы Ч. Айтматов” (Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата);

5. Келдибекова Аида Өскөновна педагогика илимдеринин кандидаты, доцент: “Подготовка школьников к математическим олимпиадам в условиях компетентностного подхода к обучению”.

- 2018-жылдын 25-апрель күнү (саат 11:00, 201-аудитория) Кыргыз Республикасынын гимни ойнолуп угулган соң, илим жумалыгынын жана “Математиканын, информатиканын учурдагы маселелери жана алардын колдонулуштары” аттуу III илимий конференцияны ачып берүү үчүн ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор И.Г. Кенжаевдин куттуктоо сөзү болду. Куттуктоо сөздөрдү МИТ факультетинин деканы, ф.-м.и.к., доцент Т.Д. Асылбеков, программалоо кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор А. Сопуев, ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Г.М. Анарбаева, ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессор Т.Т. Жумабаевалар сөз сүйлөштү.

- 2018-жылдын 14-апрелинде Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда өткөрүлгөн VII аймактык студенттик олимпиадада байгелүү орундарды алган студенттер жана жетекчилери диплом жана грамоталар менен сыйланышты. “Мыкты дубал гезити” сынагынан орун алган тайпалар үч түрдүү номинация менен сыйланышты.

Пленардык жыйындан кийин окутуучулардын жана студенттердин илимий баяндамалары төрт секцияда өткөрүлүп I, II, III даражадагы диплом, магистранттардын илимий баяндамалары беш секцияда жасалып, талкууланып, МИТ факультетинин Ардак грамотасы берилди:

I секция

Математика жана информатиканы окутуунун усулу ( 303-ауд.)

Бөлүм башчысы: МИОТ жана ББМ кафедрасынын доценти, п.и.к.: Оморов Шермамат Дубанаевич, катчысы: МИОТ жана ББМ кафедрасынын окутуучусу Авазова Эльнура Токтогуловна. Бул бөлүмдө 15 баяндама жасалды, алардын ичинен төмөнкү доклад-дар мыкты деп белгиленип, I, II, III даражадагы төмөнкү студенттерге тиешелүү дипломдор берилди:

1. Тавакилжанова Зарнигор, Махамад-Иминжан кызы Зулкумар – “Счёттун жана авакустун колдонулуштары” (МК(б)-1-15 тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Садыков Замир Маматхалилович);

2. Мамыргазы кызы Кайыргүл, Савлатбек кызы Нурила – “Каалаган санды квадратка көтөрүүнүн жеңил жолу” (МК(б)-1-15 тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Садыков Замир Маматхалилович);

3. Муратбек кызы Жаркынай – “Планиметрияны VII-IX класстарда интерактивдүү окутуу” (МК(б)-1-14 тайпасы, жетекчиси: доцент Оморов Шермамат Дубанаевич).

II секция

Математиканын актуалдуу маселелери (302-ауд.)

Бөлүм башчысы: Сопуев Улан Адахимжанович – ф.-м.и.к., доцент, жогорку математика кафедрасынын башчысы; катчысы: Мурзабекова Асел – матанализ кафедрасынын улук лаборанты.

Бул секцияда 30 баяндама жасалды, алардын ичинен төмөнкү докладдарды мыкты деп белгилеп, дипломдор ыйгарылды:

1. Беков Элмурат “Энергетиканын негизги маселелери” (ЭС(б)-1-17 тай-пасы, жетекчиси улук окутуучу Абдрасулова С.Ж.);

2 . Мирзараимова Турсунай – “5-класстын математика сабагында логикалык маселе – мисалдарды берүү усулдары” (МК(б)-1-14 тайпасы, жетекчиси: ф.-м.и.к., доцент М.Ш. Мамаюсупов);

3. Жээнбекова Назгүл – “Ч. Айтматов кыргызды тааныткан улуу жазуучу” (ИК(б)-1-16 тайпасы, жетекчиси, окутуучу А.Ж. Абдукаимова).

III секция.

Колдонмо математика жана информатиканын маселелери (324-ауд.)

Секция башчысы: Ободоева Гүмүшай Сансызбаевна – ф.-м.и.к., доцент, информатика кафедрасынын башчысы. Катчы: Чоюбекова Айжамал информатика кафедрасынын окутуучусу.

Бул секцияда 8 баяндама жасалды, алардын ичинен төмөнкү докладдарды мыкты деп белгилеп, диплом берилди:

1. Камалов Султан Садырбекович – «Факультеттин куратордук тайпаларынын базасын уюштуруу» (ПИЭ(б)-1-14 тайпасы, жетекчиси: информатика кафедрасынын окутуучусу Абдималик кызы Жаркынай);

2. Абдизакир кызы Айдай – “Android системасынын тиркемесинде берилгендер базасын колдонуу” (ПМИ(б)-2-14Р тайпасы, жетекчиси: информатика кафедрасынын окутуучусу Жалилов Азамат Абдиманапович);

3. Нышанбаева Гулима, Маматова Мээрим – “ЖРТга даярдоо боюнча автоматташтырылган маалыматтык системаны түзүү” (ПИЭ(б)-1-15 тайпасы, жетекчиси: окутуучу Садыкова Гүлхан Курманбековна).

IV секция.

IT технологиянын жаңылыктары (327-ауд.)

Бөлүм башчысы: Тажикбаева Сонайым Тойгонбаевна – программалоо кафедрасынын улук окутуучусу. Катчы: Ажибекова Айзада Токтогуловна – ИТАС кафедрасынын окутуучусу. Бул секцияда 17 баяндама жасалды, алардын ичинен төмөнкү докладдар мыкты деп белги-ленди:

1. Барпиев Арстан Айбекович – “Arduino контроллеринин базасында акылдуу үй башкаруу системасын иштеп чыгуу” (ПОВ(б)-2-14Р тайпасы, жетекчиси: ИТАС каф. улук окутуучусу Молдояров Уларбек Дүйшөбаевич);

2. Алимов Мавланбек – “Работа с текстом в CorelDraw”( группа ПОВ(б)-1-15, руководитель: преп. каф. ИТАС Ажибекова Айзада Токтогуловна);

3. Абылкасым кызы Б., Мамат уулу Кутман Delphi боюнча издеп-тап оюнун түзүү” (ИСТ(б)-1-16 тайпасы, жетекчиси: прог. каф. окут. Токторбаев А.).

ПИЭс9-2-17Р тайпасынын студенти Эсенбай уулу Бексултан “Почему быть программистом?” аттуу доклады менен активдүү катышты.

Магистранттардын илимий баяндамалары да 5 секцияларда жасалды. I СЕКЦИЯ. Математика (331-ауд.)

Секция башчысы Папиева Толкун Маматаевна – алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу, математика магистрдик программасынын жетекчиси, доцент. Катчы: Мустапакулова Чолпон Абакуловна – алгебра жана геометрия кафедрасынын окутуучусу.

Бул секцияда жалпы 13 баяндама жасалды, мыкты баяндама жасаган төмөндөгү магистранттар факультеттин Ардак грамоталары менен сыйланышты:

1. Мамат кызы Гүлзат “Тегиздиктеги областты тегерекке чагылтуу жана анын колдонулушу” (МК(м)-1-16 тайпасы, жетекчиси: ф.-м.и.д., профессор Алымкулов К.);

2. Каныбек кызы Айгерим n-ченемдүү евклиддик мейкиндиктеги n-p ченемдүү бөлүштүрүүнүн минималдык болушунун зарыл жана жетиштүү шарттары” (МК(м)-1-16 тайпасы, жетекчиси: ф.-м.и.д., профессор Матиева Г.);

3. Мурзабекова Асел Салайдиновна “Равномерное приближение решения одной сингулярно возмущенной системы дифференциальных уравнений в особо критическом случае” (МК(м)-1-16 тайпасы, жетекчиси: ф.-м.и.д., профессор Каримов С.).

II СЕКЦИЯ.

Колдонмо математика жана информатика (325-ауд.)

Секция башчысы: Турсунов Дилмурат Абдиллажанович – ф.-м.и.д., профессор. Катчы: Артыкова Нурила Абдисаламовна – информатика

кафедрасынын окутуу-чусу.

Бул секцияда төмөндөгү 15 баяндамачы катышып, төмөнкү магистранттардын баяндамалары мыкты деп табылып, факультеттин Ардак грамоталары менен сыйланышты:

1. Абдилла уулу Тургунбай – “Web технологияларынын маалыматтык коомдун өнүгүүсүнө тийгизген таасирлери” (ПИЭ (м)-1-16 тайпасы, жетекчиси: ф.-м.и.к., доцент Артыкова Ж.А.);

2. Абазмамат кызы Бегайым – “SISAL-программалардагы берилгендер боюнча көз карандылыкты талдагычты практикалык ишке ашыруу”

(ПИЭ(м)-1-16 тайпасы, жетекчиси: ф.-м.и.к., доцент Арапбаев Р.Н.);

3. Тажимаматова Мээрикан Базарбаевна – “MySQL, PHP жана CSS каражаттары менен web-сайт түзүүнүн методикасы” (ПИЭ (м)-1-16 тайпасы, жетекчиси: ф.-м.и.к., доцент Эркебаев У.З.).

III СЕКЦИЯ.

Экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар

(328-аудитория)

Секция башчысы: Сопуев Адахимжан – программалоо кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор. Катчы: Абдимиталип уулу Кубат – программалоо кафедрасынын окутуучусу.

Жалпы 15 магистрант баяндама жасап, алардын ичинен 3 магистранттын баяндамасы мыкты деп табылып, факультеттин Ардак грамотасы менен сыйланышты:

1. Умаров Тилек Муталибович – “Интернет-дүкөнү жана аны алга жылдыруу”(ИСТ(м)-1-16 тайпасы, жетекчиси: ф.-м.и.д., проф. Сопуев А.);

2. Токуров Асылбек Иманович – “7-класстын информатика сабагында “Маалыматтарды коддоо жана аларды өлчөө бирдиктери” деген теманы берүү методикасы”(ИСТ(м)-1-16 тайпасы, жетекчиси: ф.-м.и.д., проф. Сопуев А.);

3. Дооранова Назгүл – “Компьютердик лингвистика” багытынын 1- курстарына “Берилгендер базасы” дисциплинасын өтүүдө берилгендер базасын башкаруу системасы – Microsoft Access 2013түн орду”

(ИСТ(м)-1-16 тайпасы, жетекчиси: ф.-м.и.к., доцент Сатаров А.И.).

IV СЕКЦИЯ.

Билим берүүдөгү менеджмент (325-ауд.)

Секция башчысы: Келдибекова Аида Өскөновна – п.и.к., доцент. Катчы: Садыков Замир – МИОТ жана ББМ кафедрасынын улук окутуучусу.

Жалпы 7 магистрант баяндама жасап, алардын ичинен 3 магистранттын баяндамасы мыкты деп табылып, факультеттин Ардак грамотасы менен сыйланышты:

1. Золотарева Т атьяна Анатольевна – “Роль информационных технологий в управлении образовательным процессом" (группа МТО(м)-1-16, руководитель: к.п.н., доцент Келдибекова А.Ө.);

2. Мусаева Алтынай Ырыскуловна – “Билим берүү мекемесинин жетекчилеринин иш аракетин уюштуруунун негиздери жана өнүгүүсү” (ФМО(м)-1-16 тайпасы, жетекчиси, профессор М. Алтыбаева);

3. Каримов Иброхимжон Улугбекович – “Уюмдарда персоналдын үзгүлтүксүз билим алышы жана өз алдынча билимин жогорулатышы” (МТО(м)-1-16 тайпасы, жетекчиси, доцент Ш.Д. Оморов).

V СЕКЦИЯ.

Физика-математикалык билим берүү багыты (математика- и нформатика) (232-аудитория)

Секция башчысы: Аттокурова Анаркан Джалиловна – п.и.к., доцент, МИОТжББМ кафедрасынын башчысы. Катчы: Абдыкалыкова Клара Жамшитбековна – МИОТжББМ кафедрасынын окутуучусу.

Бул секцияда жалпы 15 баяндама жасалып, алардын ичинен 3 магистранттын баяндамасы мыкты деп табылып, факультеттин Ардак грамотасы менен сыйланышты:

1. Бекташова Салтанат Мансыровна – “Келечектеги математика мугалиминин кесиптик маанилүү инсандык сапаттары” (ФМО(м)-1-16 тайпасы, жетекчиси: доцент А.Дж. Аттокурова);

2. Бектемирова Элнура Бектемировна – “Математика сабагында окуучулардын оозеки тез эсептөө машыгууларын калыптандыруунун жолдору” (ФМО(м)-1-16 тайпасы, жетекчиси, п.и.к., доцент: А.К. Тойгонбаева);

3. Исмаилова Шоира – “Кыргызстандын ЖОЖдорунда окутуунун кредиттик технологиясын колдонуу тажрыйбалары” (ФМО(м)-1-16 тайпасы, жетекчиси, п.и.к., доцент: А.Дж. Аттокурова).

2018-жылдын 26-апрель күнү (саат 11:00, 327-аудитория). Факультеттин ИСТЭ адистигинин магистранты, программалоо кафедрасынын улук лаборанты Дооранова Назгүл Кубанычбековна“Брейн-ринг” интеллектуалдуу оюнун уюштуруп, ТОСВТ с-1-17 тайпасы, ТОСВТс9-1-16, ТОСВТс9-1-16 тайпалары активдүү катышышты. Аталган кафедранын улук окутуучусу Тажикбаева Сонайым Тойгонбаевна “Антиплагиат ОшМУда” дискуссиясын уюштуруп, ага ИСТ(б)-1-14, ИСТ(б)-2-14 тайпалары жана медиа борбордун директору, ИТАС кафедрасынын улук окутуучусу Молдояров Уларбек Дүйшөбекович баяндама жасап, суроо-жооп, талкуулар болуп, студенттерге пайдалуу иш-чара болду. Мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары Мураталиева Уркуя жана Айтибаева Жыпаргүл “Табышкерлер таймашын” жана “Акылман ордо” интеллектуалдык оюндарын уюштуруп, студенттерге жагымдуу маанай тартууланды жана I орунду МК(б)-1-16 тайпасы, II орунду ПОВ(б)-2-17 тайпасы, III орунду АС(б)-1-17 тайпасы алышты.

“Мыкты кол өнөрчү” сынагына катышкан тайпалардан I орунду МК(б)-1-16 тайпасы, II орунду ПОВ(б)-1-15 тайпасынан Жусубали кызы Элиза, III орунду ПОВ(б)-1-14 тайпасынан Шашканова Гүлданалар алышты.

“Мыкты акын” сынагына катышкан тайпалардан I орунду МК(б)-1-16 тайпасынан Дүйшөн кызы Таңзада, II орунду ИЗ(б)-1-17 тайпасынан Асилбек кызы Гүлзина “Келаткандыр эрте келген турналар” ыры менен алышты.

“Мыкты сүрөтчү” сынагынан I орунду АС(б)-1-16 тайпасы, II орунду ИСТ(б)-2-17Р тайпасы, III орунду ПИЭ(б)-1-15 тайпасы алышты.

Активдүү катышкан тайпалардын ИСТ(б)-1-17, ТОСВТс-9-16, МК(б)-1-16, ПИЭс(9)-1-16 тайпалары факультеттин Ардак грамотасы менен сыйланышты.

2018-жылдын 27-апрель күнү (саат 11:00, 201-аудитория). Илим жумалыгынын жана конференциянын жабылышы болду. Анда кафедра башчыларынан жогорку математика кафедрасынын башчысы, доцент У.А. Сопуев, информатика кафедрасынын башчысы, доцент Г.С. Ободоева сөз сүйлөштү. Илим жумалыгына активдүү катышып, чын дилден жардам бергендер үчүн МИТ факультетинин программалоо кафедрасынын улук окутуучусу Тажикбаева Сонайым Тойгонбаевнага, алгебра жана геометрия кафедрасынын окутуучусу Мустапакулова Чолпон Абакуловнага, жогорку математика кафедрасынын башчысы, Сопуев Улан Адахимжановичке, ИТАС кафедрасынын окутуучусу Ажибекова Айзада Токтогуловнага, алгебра жана геометрия кафедрасынын доценти Папиева Толкун Маматаевнага, программалоо кафедрасынын окутуучусу Абдрайимова Айназик Абдинабиевнага, аталган кафедранын улук лаборанты Дооранова Назгүл Кубанычбековнага, матанализ кафедрасынын улук лаборанты Мурзабекова Асель Салайдиновнага, жогорку математика кафедрасынын окутуучусу Абдукаимова Арапат Жолиевнага, информатика кафедрасынын окутуучусу Артыкова Нурила Абдисаламовнага, матанализ кафедрасынын улук окутуучусу Акматов Абдилазиз Алиевичтерге декандын ыраазычылык каты берилди. Илим жумалыгы концерттик программа менен жагымдуу маанай тартуулап, аягында жабылышын факультеттин деканы, доцент Т.Д. Асылбеков жаап берди.

6608 16:20 28-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|