Жанылыктар

МИТ факультетинде VII аймактык студенттик олимпиадага сунуштоо боюнча адистиктер арасында факультеттик олимпиада өткөрүлдү.

2017-2018-окуу жылынын март айында Математика жана информациялык технологиялар факультетинде илимий иштер боюнча декандын орун басары, ИТАС кафедрасынын доценти Н.С. Беделованын уюштуруусу менен төмөнкү адистиктер боюнча факультеттик олимпиада өткөрүлдү:

  • Математика(профиль);
  • Математика(профиль эмес);
  • Информатика(профиль);
  • Информатика(профиль эмес);
  • Программалоо жана алгоритм тили.

«Программалоо жана алгоритм тили» адистиги боюнча программалоо кафедрасынын улук окутуучусу Аркабаев Нуркасым Кылычбековичтин жетекчилиги менен 25 студент катышып, I орунду ПОВ(б)-1-17 тайпасынын студенти Тажибаев Бекболот Абдыхалилович, II орунду ПОВ(б)-2-14Р тайпасынын студенти Ибрагимов Рахматилло Шавкатович, III орунду ИСТ(б)-1-14 тайпасынын студенти Абдуллаев Темирлан Таалайбекович;

«Математика(профиль)» адистиги боюнча матанализ кафедрасынын улук окутуучусу Акматов Абдилазиз Алиевичтин жетекчилиги менен жалпы 23 студент катышып, I орунду КМИ(б)-1-15 тайпасынын студенти Муса уулу Нур-Эгемберди, II орунду МК(б)-1-16 тайпасынын студенти Тишабаева Нигорахон Абдулхашимовна, III орунду КМИ(б)-2-16Р тайпасынын студенти Камчыбек кызы Феруза;

«Математика (профиль эмес)» адистиги боюнча жогорку математика кафедрасынын улук окутуучусу Абдрасулова Салтанат Жамшитовнанын жетекчилиги менен жалпы 12 студент катышып, I орунду МПД-Б-17 тайпасынын студенти Салам уулу Сулайман(МФ), II орунду ЭБ(б)-1-16 тайпасынын студенти Тажибаев Амантур Мусаевич(БИМ), III орунду БИ(б)-2-17 тайпасынын студенти Сулейманова Гүлзина Акылбековна(БИМ);

«Информатика (профиль)» адистиги боюнча ИТАС кафедрасынын окутуучусу Эгешов Арген Мусаевичтин жетекчилиги менен 22 студент катышып, I орунду ПИЭ(б)-1-14 тайпасынын студенти Камалов Султанбек Садырбекович, II орунду ИСТ(б)-1-16 тайпасынын студенти Эрмекбай уулу Кадырбек, III орунду ПИЭ(б)-1-14 тайпасынын студенти Жапаров Нурболот Алмазбекович;

«Информатика (профиль эмес)» адистиги боюнча информатика кафедрасынын окутуучусу Шамшиева Гүлмира Асилидиновнанын жетекчилиги менен 14 студент катышып, I орунду ЭБ(б)-1-17 тайпасынын студенти Ганиев Шохрух Абдураимжанович(БИМ), II орунду АПР2-1-17(А) тайпасынын студенти Масардинов Шукурилло Ахмаджанович(ДТМФ), III орунду МО(б)-3-17 тайпасынын студенти Кульгильдин Мухаммад Кузгеновичтер(эл аралык мамилелер факультети) байгелүү орундарды алышып, аймактык олимпиадага жогорудагы жеңүүчүлөр баары сунушталышты.

ОшМУ боюнча “Кыргыз тили” адистиги боюнча баштоочу жана улантуучу тайпа боюнча өзүнчө олимпиада уюштурулуп, МИТ факультетинен окутуучу Айтибаева Жыпара Калыевнанын жетекчилиги менен улантуучу тайпадан МК(б)-1-17 тайпасынын студенти Абдиваситова Айтолкун I орунду, ПОВ(б)-2-17 тайпасынын студенти Анарбаева Айданек II орунду алышып, аймактык олимпиадага катышууга сунушталышты. Ошондой эле баштоочу тайпа боюнча ИСТ(б)-2-17 тайпасынын студенти Мирахмедов С. II орунду алып, аймактык олимпиадага катышууга сунушталды.

Философия(профиль эмес) адистиги боюнча доцент Итигулова Жылдыз Кайбалиевнанын жетекчилиги менен олимпиада өткөрүлүп, байгелүү орунду алгандар аймактык олимпиадага сунушталышты: I орун ПИЭ(б)-1-16 тайпасынын студенти Жылдызбек кызы Нурсыпат, II орун ИСТ(б)2-16 тайпасынын студенти Азизилла уулу Эгемжар, III орун ПИЭ(б)-1-16 тайпасынын студенти Баатырбек уулу Бекболот.

Ошондой эле колледждер арасында дагы олимпиада уюштурулуп, “Информатика” адистиги боюнча 12 студент катышышып, I орунду АСс-1-16 тайпасынын студенти Эшенкулов Туратбек, II орунду АСс-1-16 тайпасынын студенти Полотов Айдарбек, III орунду АСс-1-17 тайпасынын студенти Айтибек кызы Мария, IV орунду АСс-1-17 тайпасынын студенти Иматов Оматбектер байгелүү орундарды алышты.

Олимпиаданын жетекчилерин жана жеңүүчүлөрдү куттуктоо менен бирге аларга чың ден соолук, узун өмүр, ийгилик, талыкпас эмгек каалайбыз. 14-апрелде ОГПИде өткөрүлүүчү аймактык олимпиададан дагы ушундай байгелүү орундарга жетишүү менен МИТ факультетинин аброюн көтөрөбүз деген ишеничтебиз.

4111 18:19 26-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|