Жанылыктар

5-сентябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинде Кытай Эл Республикасынын тарыхчы-окумуштуулары конокто болушту.

5-сентябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинде Кытай Эл Республикасынын тарыхчы-окумуштуулары конокто болушту. Делегацияны т.и.к, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондунун төрагасы Молдокасымов К.С. жетектеп келди. Жолугушууга Пекин шаарында эмгектенген Кытай коомдук илимдер академиясынын Тарых институтунун Евразиялык изилдөөлөр борборунун окумуштуулары Ли Цзиньсю, Жингели, Жаркын Турсун, Сун Хао, Ли Мингфей жана шаардык мэриянын өкүлү келди. Айта кетүү керек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 29-августта алар менен жолугушкан. Жолугушууда Кытай тарыхчы-окумуштуулар менен КЭР архивдеринен кыргыз тарыхына байланыштуу архивдик документтерди изилдөө жана жыйнап которуу маселелери талкууланган. Мамлекет башчысы аларга кыргыз тарыхына кызыгып, изилдөөлөрдү жүргүзөбүз деген умтулуусу үчүн ыраазычылык билдирген. Президент Сооронбай Жээнбеков мындан ары да кытай тарап менен кызматташып, кыргыз элине таандык тарыхый булактарын изилдөө боюнча КР Президенттик Аппаратынын алдындагы Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» Фондуна тапшырма берген. Кытай окумуштуулары бул багытта ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүнө даяр экендигин билдиришкен. Кыргыз тарыхынын байыркы мезгилине байланыштуу тарыхый жазма булактар негизинен Кытай Эл Республикасынын архивдеринде, музейлеринде, китепканаларында сакталып келет. Эгемендүүлүккө чейин бул архивдик документтер менен негизинен орус окумуштуулары эмгектенип келишкен. Ал эми эгемендүүлүк жылдары айрым архивдик документтер кытайлык кыргыз окумуштуулар тарабынан изилденип, которулуп жарыяланып келет. Кытайдагы архивдик документтер менен комплекстүү иштөө тууралуу тарыхчылардын сунуштары берилип жатканы белгилүү. Эске салсак, 2018-жылдын июнь айында Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына барган мамлекеттик визитинин учурунда кыргыз-кытай мамилелерин бекемдөө алкагында Кытайдын архив, музей, китепканаларынан кыргыз тарыхына байланыштуу архивдик документтерди изилдөө жана жыйноо демилгесин КЭР жетекчилиги колдоого алып, мүмкүнчүлүк түзүп берээрин билдиришкен. Жолугушуу жогорку деңгээлде өтүп, жамааттын атынан тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент Смадияров С.А. ыраазычылык билдирди.
2730 17:21 06-09-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|