Жанылыктар

Июнь, 2018-жыл. Тарых факультетинин Чехия менен байланышы бекемделүүдө.

Июнь, 2018-жыл. Тарых факультетинин Чехия менен байланышы бекемделүүдө. Тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент Смадияров жана т.и.к., профессор Кадыров Т.Д. апрель айында Чехияга барып келген иш сапарынын жемиши андан ары уланууда. Алсак, июнь айында магистранттарыбыз Таалайбек кызы Абида жана Тешебаев Мамадалы Батыш Чех университети (Пльзень шаары) менен биргеликте, Италияга чейин археологиялык казуу иштерине катышып кайтса, учурда тарых факультетинин студенттери: Айбекова Айданек, Асилбек кызы Аида, Тайчиков Канат, Досназаров Акжол Чехиянын Пльзень шаарында (Батыш Чех университети) июль айында өтө турган жайкы лагерде жүрүшөт. Студенттер жол ачып берген факультеттин жетекчилигине ыраазычылык билдиришүүдө. Студенттерибизге ийгиликтерди каалайбыз.
2775 12:52 30-06-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|