Жанылыктар

2-июнь, 2018-жыл. Тарых факультетинин магистранттары Таалайбек кызы Абида жана Тешебаев Мамадалы Италиянын Санта-Маринелла шаарында археологиялык изилдөөдө.

2-июнь, 2018-жыл. Тарых факультетинин магистранттары Таалайбек кызы Абида жана Тешебаев Мамадалы Италиянын Санта-Маринелла (Santa Marinella) шаарында (Чехиянын Батыш Чех университетинин базасында уюштурулган) археологиялык изилдөө иштерин (июнь айында) башташты. Айта кетчү жагдай, 2018-жылдын 22-30-апрелинде тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент С.А.Смадияров жана Жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын башчысы, т.и.к., профессор Т.Д.Кадыров Чехиянын Батыш Чех университети менен тыгыз байланыш түзүп келишкендигин белгилеп кетүү абзел. Ошол кызматташтыктын натыйжасында жогорудагы иш-чаралар ишке ашууда. Ошондой эле, 2018-жылдын 23-июнунан 24-июлуна чейин 6 (алты) студентке “жайкы лагерге” чакыруу алып берүүгө жетишишти жана студенттер даярдыктарын көрүшүүдө.
3167 18:10 03-06-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|