Жанылыктар

28-май, 2018-жыл. Тарых факультетинде ички академиялык мобилдүүлүк боюнча иш-чара өткөрүлдү.

28-май, 2018-жыл. Тарых факультетинде ички академиялык мобилдүүлүк боюнча иш-чара өткөрүлдү. Факультетибиздин 2-курсунун студенти Абдисаттар кызы Айзада Ош Декларациясынын алкагында Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы КМУ да ички мобилдүүлүк боюнча билим алып келди. Ошондой эле, И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин тарых адистигинде окуган 50гө жакын студенти жакындан таанышуу максатында Ош мамлекеттик университетине келишти. Аларды эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы С.М. Амиралиев жана тарых факультетинин декандын илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча орун басары, т.и.к., доцент Г.Э.Чыныкеева жылуу тосуп алышып, окуу жайдын эл аралык байланыштары, академиялык мобилдүүлүк, ага карата түзүлгөн шарттар, алмашуу программаларынын мүмкүнчүлүктөрү ж.б. жөнүндө айтып беришип, университеттин жана факультеттин музейин көрсөтүшүп, дата борбор, бирдиктүү терезе менен тааныштырышты. Андан соң конок студенттер проректорлор А.О. Абдувалиев, Т.Р. Колдошев, тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент С.А.Смадияров жана Жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын башчысы т.и.к., профессор Т.Д.Кадыровдор менен жолугушушту. Жыйында агайларыбыз аларга өлкөбүздөгү эң чоң жана алдыңкы окуу жайда студенттердин татыктуу билим алуусуна карата түзүлгөн мыкты шарттар, заманбап инфраструктура, автоматташтырылган окуу системасы, ири жетишкендиктер, учурда жасалып жаткан алгылыктуу иштер туурасында маалымат беришип, И.Арабаев университети Ош МУ менен тыгыз кызматташып келе жаткан эң жакын өнөктөштөрүнүн бири экендигин белгилешип, академиялык алмашууга чакыра кетишти. Өз кезегинде аудиториядагы өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жоопторду алышып, жылуу тосуп, өзгөчө камкордук көрсөтүп жаткандыгы үчүн жетекчиликке терең ыраазычылык билдиришти.
3510 10:36 29-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|