Жанылыктар

19-май, 2018-жыл. Тарых факультетинин студенттери Сапарали кызы Бурабия жана Колпакова Айпери ОшМУнун ректорунун Кубогуна ээ болушту.

19-май, 2018-жыл. Тарых факультетинин студенттери Сапарали кызы Бурабия жана Колпакова Айпери ОшМУнун ректорунун Кубогуна ээ болушту. "2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү" жылына карата Ош мамлекеттик университетинин факультеттери аралык “Жаш канат – 2018” дебаттык турнири болуп өттү. Бул дебат мыкты деңгээлде өттү. Анткени атаандаш дебатерлор да мыкты даярданышкан. 1-орун жана ОшМУнун ректорунун кубогун “Келечек жаштары” командасы ээледи. Командада тарых факультетинин 3-курсунун студенттери Айпери Калпакова жана Бурабия Сапарали кызы катышты. Мындан ары да дебат оюну байма-бай өткөрүлөт жана жалпы студент досторду дебат ойноого чакырабыз. Дебат Ош МУнун өнүгүшүнө чоң салым кошо турган мыкты оратор, идеяга бай жаштарды тарбиялай алат деген ишеничтебиз. Жалпы уюштуруучулар жамаатына ыраазычылык билдиребиз.
3219 20:41 24-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|