Жанылыктар

18-май, 2018-жыл. Тарых факультети Анжиян көтөрүлүшүнүн 120 жылдыгына карата илимий-практикалык тегерек стол өткөрдү.

18-май, 2018-жыл. Тарых факультети Анжиян көтөрүлүшүнүн 120 жылдыгына карата “АНЖЫЯН КӨТӨРҮЛҮШҮ: ОРУС ОТОР САЯСАТЫНА КАРШЫ АЗАТТЫК КЫЙМЫЛДАРДЫН БАШТАЛЫШЫ ЖАНА АНЫН ПРОБЛЕМАЛАРЫ” аттуу илимий-практикалык тегерек стол өткөрүлдү. Бул илимий иш-чарада коңшулаш Өзбекстан Республикасынан, Бишкек, Талас, Каракол, Жалал-Абад, Баткен шаарларынын университеттеринен бараандуу окумуштуулардын жоон тобу келип катышып, кызыктуу баяндамалары, куттуктоолору менен чыгып сүйлөштү жана белектерди тапшырышты. Тегерек столдун жүрүшүндө Жалал-Абад мамлекеттик университетинин доценти, т.и.к. Авазов Эрнис Абдыманаповичтин “Анжиян көтөрүлүшү: Фергана өрөөнүндөгү азаттык күрөштөрүнүн тарыхынан (Ош, 2016, 156 б.)” аттуу монографиясынын бет ачары болуп өттү жана ал факультеттин китепканасына белек катары өз эмгегин калтырды. Тегерек столдо кызуу талкуулар жүрүп, студенттер суроолоруна жоопторду алышты. Жыйынтыгында, келип катышкан окумуштууларга Сертификаттар тапшырылды жана илимий-практикалык тегерек стол жемиштүү аяктады. Жыйындан соң чет элдик коноктор үчүн Ош шаарынын тарыхый жайларына жана ОшМУга саякат уюштурулду. Илимий-практикалык тегерек столдун программасы төмөндө тиркелет.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

ТАРЫХ ФАКУЛЬТЕТИ

GerbosuNEW

Анжыян көтөрүлүшүнүн 120 жылдыгына арналган

“Анжыян көтөрүлүшү: Орус отор саясатына каршы азаттык кыймылдардын башталышы жана анын проблемалары”

аттуу эл аралык илимий-практикалык тегерек стол

Ч А К Ы Р У У Ж А Н А П Р О Г Р А М М А

18-май, 2018-жыл.

Ош - 2018

Урматтуу _______________________________________________

____________________________________________________

Эл аралык илимий-практикалык тегерек столго чакырабыз

Илимий-практикалык тегерек стол

2018-жылдын 18-майында өтөт.

Өтүүчү жайы: Ош мамлекеттик университетинин

Башкы имараты, КЕФ окуу корпусу,

Ленин көчөсү №333.

Регламент:

Баяндамаларга 10-15 мүнөт.

Тегерек столдун ирээти:

9.00 – 9.30 – Катышуучуларды каттоо

9.30 – 10.00 – Тегерек столдун расмий ачылышы жана куттуктоолор

10.00 – 10.30 – Т.и.к., доцент Авазов Эрнис Абдыманаповичтин “Анжиян көтөрүлүшү: Фергана өрөөнүндөгү азаттык күрөштөрүнүн тарыхынан (Ош, 2016, 156 б.)” аттуу монографиясынын бет ачары

10.30 – 12.00 – Тегерек столдун негизги иши (илимий баяндамалар жана талкуу)

12.00 – 13.30 - Түшкү тыныгуу

13.30 – 16.30 – Чет элдик коноктор үчүн Ош шаарынын тарыхый жайларына жана ОшМУга саякат. Саякаттын маршруту: “Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси – ОшМУнун кампусу – Искусство, Кыргыз-Кытай жана Тарых факультеттери – Сары-Мазар (Курманжан датканын күмбөзү).

17.00 - Конокторду узатуу

Расмий ачылышы:

Модератор – ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, тех.и.д., профессор Кенжаев И.Г.

1. Эл аралык илимий-практикалык тегерек столду расмий ачуу - ОшМУнун ректору, филол.и.д., профессор Исаков Каныбек Абдуваситович

Кыргыз Республикасынын гимни

2. Окумуштуулардын жана коомдук ишмерлердин сөзү

1. Молдокасымов К. – тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондунун төрагасы

2. Шамсутдинов Р. - тарых илимдеринин доктору, профессор, "Водийнома" журналынын баш редактору

3. Расулов Б. - тарых илимдеринин доктору, профессор, АнМУнун илимий иштер боюнча проректору

4. Равшанов П. - филология илимдеринин доктору, профессор

5. Адилбаев Ж. – тарых илимдеринин кандидаты, профессор

Илимий-ПРАКТИКАЛЫК тегерек столДУН

НЕГИЗГИ ИШИ

Иштөө убактысы: 10.30 – 12.00.

ИЛИМИЙ БАЯНДАМАЛАР:

1. Кененсариев Т.К. – КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых ил. докт., проф. Бишкек шаары ( t.kenensariev@gmail.com) – “Анжиян көтөрүлүшүнүн тарыхый мааниси боюнча жаңыча пикирлер”

2. Чоротегин (Чороев) Т.К. - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, т.и.д., профессор, Бишкек шаары ( chorotegint@gmail.com) – “1898-жылдагы Анжыян көтөрүлүшү жана анын тарыхый мааниси”

3. Абдыкулова Р.А. - Кыргыз-Түрк Манас университети , т.и.к., доц. м.а., Бишкек шаары (rozazere3@gmail.com) - “СУЛТАНДЫК АРХИВ БУЛАГЫНДА АНЖЫЯН КӨТӨРҮЛҮШҮ”

4. Авазов Э.А. - Жалал-Абад мамлекеттик университети, т.и.к., доцент, Жалал-Абад шаары (ernis-ist@mail.ru) – АНЖИЯН КӨТӨРҮЛҮШҮ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ИЗИЛДӨӨЧҮЛӨРДҮН ЭМГЕКТЕРИНДЕ”

5. Арзыбаев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тарых жана маданий мурастар институтунун илимий кызматкери, Бишкек шаары (arsybaevt@mail.ru) – 1898-жылдагы Андижан көтөрүлүшү Кыргызстан жана Түркстан элдеринин колонизатолрлорго каршы улуттук боштондук күрөшүнүн мыкты мисалдарынын бири”

6. Дүйшеев Ж.А. - К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык экономика жана ишкердик университети, т.и.к., профессор, Жалал-Абад шаары ( duysheev@mail.ru) – “элдик-боштондук кыймылдардын тарыхый тагдыры”

7. Жусупова М. – Талас мамлекеттик университети, т.и.к, доцент, Талас шаары (mojmol@mail.ru) “АНЖИЯН КӨТӨРҮЛҮШҮ, АНЫН СЕБЕБИ ЖАНА МҮНӨЗҮ”

8. Каниметов А.К. - К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, т.и.к., доцент, Каракол шаары – “Жусуп Абдрахманов жана 1916-жылдагы көтөрүлүш”

9. Токтакун кызы Г.Ош мамлекеттик юридика институту, изилдөөчү, Ош шаары ( gulnura-29@mail.ru) “КАЗЫ СОТТОРУ (XIX К. ЭКИНЧИ ЖАРЫМЫ – XX К. БАШЫ”)

10. Токтогулова Г.Т. – Жалал-Абад мамлекеттик университети, ф.и.к., доцент, Жалал-Абад шаары (toktogulova.72@mail.ru) , Ашур уулу Байырбек - Жалал-Абад мамлекеттик университети, окутуучу, Жалал-Абад шаары – “МАМЫР МЕРГЕН УУЛУ МЕКЕНЧИЛ БААТЫР”

11. Смадияров С.А. - Ош мамлекеттик университети, т.и.к., доцент, Ош шаары (ssmadiyarov@mail.ru) “Курманжан датка жана Анжиян көтөрүлүшү”

6250 17:08 19-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|