Искусство факультетинин окутуучулары жана студенттери көргөзмөдө.
08:23
14-ноябрь күнү Ош шаарынын Т.Садыков атындагы көркөм - сүрөт музейинде Өзбекстан Республикасынын сүрөтчүлөрү менен биргеликте кыргыз сүрөтчүлөрүнүн живопись, графика, декоративдик-прикладдык түрлөрү боюнча көргөзмө болуп өттү. Көргөзмөгө биздин окутуучулар жана студенттер катышты. Көргөзмөнү КРнын эл сүрөтчүсү Б.Жалиев ачып берди.
1804 08:23 15-11-2017