Жанылыктар

Бизнес жана менеджмент факультетинин профессору Шарипова Э.К. Россия Табият таануу академиясынын мүчѳ-корреспонденти болду

2018-жылдын 21-24-май күндөрү РФнын Москва шаарында Россия Табият таануу академиясында «Актуальные вопросы науки и образования» аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү. Ага Ош мамлекеттик университетинин профессору, философия илимдеринин доктору Шарипова Эркайым Козуевна катышты. Конференциянын алкагында «Международные системы аттестации научно-педагогических кадров» аттуу конференция жана Илимий-методикалык эмгектердин ХХХVII эл аралык көргөзмөсү уюштурулду. Жыйынтыгында философия илимдеринин доктору, профессор Шарипова Эркайым Козуевна Россия Табият таануу академиясынын, Эл аралык окумуштуулар ассоциациясынын «Философия» багыты боюнча мүчѳ-корреспонденти болуп шайланды. Ошондой эле "Илимдин жана билим беруунун эмгек сиңирген ишмери" ардактуу наамы жана даңазалуу «PRIMUS INTER PARES» - «Первый среди равных» ордени ыйгарылды.
3155 17:09 28-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|