Жанылыктар

Бизнес жана менеджмент факультети "Чыңгыз Айтматов - кылым адамы" аттуу темада 10-11-класстын окуучуларынын арасында эссе жазуу үчүн сынак

ЖАРЫЯ!

Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультети " Чыңгыз Айтматов - кылым адамы" аттуу темада 10-11-класстын окуучуларынын арасында эссе жазуу үчүн сынак жарыялайт. Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сертификат, дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилет.

1. Жалпы жоболор

1.1. Аталган сынак – Чыңгыз Айтматовдун идеяларын, анын чыгармаларын окуучулар арасында жайылтуу боюнча мелдеш иш-чарасы. Сынактын алкагында ар бир мектепте катышуучулар кыргыз, орус жана дүйнөнүн башка тилдеринде Чыңгыз Айтматовдун идеялары, анын чыгармалары жөнүндө эссе жазуу сунушталат. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси ОшМУга, уюштуруу комитетине электрондук адрес боюнча жөнөтүлүп, салтанаттуу кечеде сертификат, дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилет.

2. Сынакты уюштуруу комитети:

2.1. Сынакты даярдоо, уюштуруу жана күнүнкү жумушту ишке ашыруу үчүн уюштуруу комитет түзүлөт. Ал сынакты техникалык жактан жабдуу, калыстарды тандоо, сынактын жарнактык компаниясын жүргүзүү боюнча бардык уюштуруучулук маселелерди аныктайт, сынакты өткөрүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелерди карайт, жеңүүчүлөрдү аныктап, аларды сыйлоону уюштурат.

3. Сынактын максаттары жана милдеттери:

3.1. Максаты – коомчулуктун балдар жана өспүрүмдөр арасында Чыңгыз Айтматовдун идеяларын, чыгармаларын жайылтуу жана таланттуу жаштарга ар тараптан колдоо көрсөтүү.

3.2. Сынактын милдеттери:

3.2.1. Өсүп келе жаткан муунду руханий-адеп-ахлактык жана маданий дөөлөттөр менен баарлаштыруу: балдардын дүйнө таанымын кеңейтүү;

3.2.2. Өсүп келе жаткан муундун аң-сезиминде адамдык касиеттерди чыңдоо;

жалпы адамзаттык руханий дөөлөттөрдү, жаштарды нравалык жактан тарбиялоо;

адамдын адамга жана бардык жандуу нерселерге кайрымдуулугун өнүктүрүү;

руханий дөөлөттөргө жана аларга сарамжал мамиле кылууга үйрөтүү;

4. Сынакка катышуунун шарттары :

4.1. Сынакка бардык каалоочулар: жалпы билим берүүчү мектептердин, лицейлердин, гимназиялардын окуучулары катышса болот.

5. Эссенин авторунун толук аты-жөнү, окуган мектеби, байланыш телефону сөзсүз көрсөтүлүүсү зарыл.

Эссе төмөндөгү e. sharipova_kg@mail.ru; aygerim53@mail.ru электрондук дарек аркылуу 2018-жылдын 30-мартына чейин кабыл алынат.

Сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу кечеси 2018-жылдын 25-апрелине, саат 12:00гө пландаштырылууда.

5833 22:41 12-02-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|