Жанылыктар

Кыргыз Республикасынын экономика министри А.Кожошев ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинде коноктук лекция өттү

Кыргыз Республикасынын экономика министри А.Кожошев ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинде "Кыргыз экономикасынын бүгүнкү күндөгү абалы" аттуу коноктук лекция өттү. Жолугушууга Ош шаарындагы баардык ЖОЖдорду өкүлдөрү, экономика министрлигинин Оштогу бөлүмү, шаар жана областтык бийлик өкүлдөрү активдүү катышышты. Министр катышуучулар үчүн өлкөбүздүн экономикалык абалы туурасында кенен маек куруп, студенттерди кызыктырган суроолорго жоопторду берди. Ошону менен бирге өз сөзүндө жаштарды жакшы келечекке үндөп, өзүнүн турмуш тажрыйбасы менен бөлүштү. Студенттер өткөрүлгөн коноктук лекция үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
3591 13:02 02-06-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|