Жанылыктар

Бизнес жана менеджмент факультетинде Нооруз майрамы

2017-жылдын 18-март күнү Бизнес жана менеджмент факультетинде илгертен ата-бабабыздан мурас болуп келген Нооруз майрамы болуп жатат. Нооруз майрамына карата уюштурулган кафедралар аралык спорттун воллейбол түрү боюнча турнир жарыяланып, студенттер менен окутуучулар биргеликте командалар куралды. Алгач факультетибиздин деканы - экономика илимдеринин доктору Убайдуллаев Мирланбек Байдусенович кафедра башчылары жана декандын орун басарлары жалпы бүгүнкү майрамга келгендерди куттукташып, мелдешке катышуучуларга ийгилик каалашты. Муну менен эле чектелбестен, факультеттин жамааты өз биримдигин көрсөтүп Нооруз майрамынын эң маанилүү бөлүгү болгон сүмөлөк кайнатып, түрдүү даамдарды ак дасторкон үстүнө жайнатып, жакшы маанайда отурушат.
5900 15:42 18-03-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|