Жанылыктар

ТАЙМ-МЕНЕДЖМЕНТ : Убакытты туура пайдалануу.

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин “Эл аралык мамилелер” кафедрасы тарабынан демилгеленип Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери үчүн “Тайм менеджмент” – “Убакытты туура пайдалануу” деген темада конок лекция болуп өттү. Конок лекцияны Swiss Intercorporation “Хельветас” эл аралык уюмунун долбоор менеджери Камбарбек Аришов окуп берди. Анда убакытты кандай туура колдонуш керек, кантип убакытты үнөмдүү бөлүштүрүүнү жана анын натыйжалары, пайдалары жөнүндө кенен айтылды. Студенттер арасында суроо-жооптор болуп, пайдалуу ойлор айтылып конок лекция кызыктуу болду.

2588 19:43 14-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|