Жанылыктар

Студенттердин калдык билимдерин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат.

Чет тилдер факультетинин англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын 2017-2018 окуу жылында 1-3 курстарды бүтүп жаткан «филологиялык билим берүү» (550300) багытындагы чет тили адистигинин студенттеринин билим сапатын, деңгээлин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматы

Үстүбүздөгү жылдын 28-майында дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучулары 1-3 курстар аралык жыйынтыктоочу тест өткөрүштү. Тест 100 баллдан туруп, анын ичине 50 балл лексика жана грамматикага, 20 балл угууга, 20 балл окууга жана 10 балл жазууга камтылган. 1-3 курстар боюнча баардык тайпалардан тест алынып, жыйынтыктары жана иш кагаздары папкага салынып, кафедрага тапшырылды. Бул жыйынтыктоочу тест студенттердин билими бир академиялык окуу жылында канчалык деңгээлге жогорулагандыгын көрсөтөт. Тесттин жыйынтыгынын негизинде 1-курстун студенттери А1, 2-курстун студенттери А2, 3-курстун студенттери В1 денгээлдерине көтөрүлдү.

3800 15:01 01-06-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|