Жанылыктар

АРБ-1-17 тайпасынын студенттеринин ата-энелери менен чогулуш өткөрүлдү

2018-жылдын май айында ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын демилгеси менен АРБ-1-17 тайпасынын студенттеринин ата-энелери менен чогулуш өткөрүлдү. Чогулушта ата-энелер ОшМУнун миссиясы, перспективдуу пландары, AVN программасы жана студенттердин ички жана сырткы мобилдүүлүк мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыгышты.

Кафедра башчысы, доцент А. Акматова сөз сүйлөп, ата-энелер менен баарлашты. Андан сырткары, чогулуштун катышуучулары студенттердин окуу жана тарбия иштерин жакшыртуу максатында өз сунуштарын беришти. Жыйынтыгында, ата-энелер менен тыгыз байланышта иштөө максатында иш-аракеттер пландаштырылды.

4273 11:25 14-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|