Жанылыктар

“Жогорку окуу жайларындагы билим берүүдөгү туруктуу өнүгүү”

20-21-апрель,2018-жылы ОшМУда дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин уюштуруусу менен “Жогорку окуу жайларындагы билим берүүдөгү туруктуу өнүгүү” аттуу эки күндүк биринчи эл аралык илимий – практикалык конференциясы жогорку деңгээлде ийгиликтүү өткөрүлдү.

Эл аралык масштабдагы бул иш-чараны ректорубуз проф. К.А. Исаков куттуктоо сөзү менен ачып берди. Ошондой эле Ош шаардык мэриянын өкүлү Аманова С.А. конок катары чакырылып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Конференциянын ачылуу жана пленардык отурумун ОшМунун илимий иштер боюнча проректору, профессор И.Г.Кенжаев алып барды.

Конференциянын пленардык отурумунда жана секцияларында Англия, Германия, Индия, Өзбекстан, Нигерия, Пакистан жана башка өлкөлөрдөн келген дүйнөгө белгилүү илимпоздор, эксперттер докладдарын окушту. Баяндамаларда туруктуу өнүгүүгө умтулуу, экономикалык өсүүдөгү адамдык байлыктарды үнөмдүү пайдалануу, жаратылышты колдонуунун жалпы маданиятын жогорулатуу жана ЖОЖдогу билим берүүнүн туруктуу өнүгүү жана башка маселелери талкууланды. Конференцияга катышууга дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндөгү 20 дан ашуун жана Кыргызстандын ичиндеги университеттерден келип түшкөн 100 дөн ашуун макалалар “ОшМУ жарчысы” журналында жарык көрдү жана катышуучуларга таркатылып берилди. Конференциянын алкагында студенттер арасында “Жогорку окуу жайларындагы билим берүүдөгү туруктуу өнүгүү” темасында көргөзмө жана дил баяндар конкурсу уюштурулду. Ошондой эле, конференциянын катышуучулары үчүн ОшМунун студент таланттары тарабынан атайын концерт уюштурулду. Катышуучулар сертификаттар менен сыйланып, конференциянын резолюциясы кабыл алынды. Жыйынтыгында, конференция катышуучулардын Сулайман-тоо жана башка Ош шаарынын кооз жерлерине саякаты менен аяктады.

2907 19:37 25-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|